KELECHEK
rek

Кыргыз продукциялары бир жарым жылдан бери ЕАЭБ базарларына кире албай турат

Кыргыз продукциялары бир жарым жылдан бери ЕАЭБ базарларына кире албай турат

Дээрлик бир жарым жылдан бери кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөл алына элек. Натыйжада, Кыргызстан биримдиктин мүмкүнчүлүктөрүнөн толук кандуу пайдалана албай жатканын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Москвадагы ЕАЭБдин жыйынында билдирди. Мындай кабарды кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы таратты.

Өкмөт башчынын ырасташынча, казакстандык кесиптештер менен болгон акыркы кезигишүүдө аталган маселени чечүүдө көмөк көрсөтүүгө макулдук берилген. Анткен менен чечимдин кабыл алынышына бардык тараптардан аракети керек. “Бул кырдаал белгисиз убакка создуктурулбашы зарыл", – деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр учурда Казакстандан кыргыз вагондору жана контейнерлери темир жолдо себепсиз кармалып жатканын ырастап, жалпысынан 244 контейнер жана 16 вагон кармалып турганын маалымдады.

Кыргызстан ЕАЭБге киргенде айыл чарба продукциясын мүчө өлкөлөргө тоскоолдуксуз экспорттой турганы ырасталган. Бирок казак тарап өлкөдө атайын лабораториялардын курула электигине шылтап, айрым товарларга чектөө коюп келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38