Жалал-Абадда “Биз СПИД илдетине жана баңгизаттарга каршыбыз” аттуу сынак өткөрүлөт
Жалал-Абад шаарында мектептердин окуучуларынын, атайын орто кесиптик билим берүүчү жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин жана ошондой эле каалоочу командалар арасында 1-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк СПИД илдетине каршы күнүнө карата 29-ноябрда “Биз СПИД илдетине жана баңгизаттарга каршыбыз” аталышындагы кароо-сынак өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу шаар мэриясынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси Гулина Базаркулова билдирди.
Анын айтымында, жаштар арасында мындай сынактарды өткөрүү менен ВИЧ/СПИД илдетин алдын алуу боюнча маалыматтарды жеткирүүнүн натыйжалуулугуна жетишүү жана ВИЧ илдетинин алдын алуу боюнча жаштар жана жалпы эле калк арасында пропаганда ишин күчөтүү максаты коюлган.
Жалал-Абад облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Элмира Сатарова 2016-жылы шаарда 13 адам СПИД илдети менен катталса, алардан үчөө 14 жашка чейинки өспүрүмдөр экенин, бүгүнкү күндө шаарда жалпы 229 адам СПИД илдети менен оорулуу деп катталганын айтат.
Эскерте кетсек, шаарда 1-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата “Адам укуктарынын жалпы жеткиликтүүлүгү” урааны астында бир айлык акция жарыялаган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38