KELECHEK
rek

Ош шаарына быйыл 10 айда 2 млрд. 595 млн. сомдук инвестиция тартылган

Ош шаарына быйыл 10 айда 2 млрд. 595 млн. сомдук инвестиция тартылган

Кечээ, 15-ноябрь Ош шаарындагы эл аралык уюмдар, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү  менен мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров катышып, 2016-жылдагы эл аралык уюмдар менен биргеликте ишке ашып жаткан ийгиликтер менен бөлүштү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, жыйыыда кийинки жылда пландалып жаткан жаңы долбоорлор ортого салынды. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров инвестиция тартып, эл аралык уюмдар менен биргеликте шаардыктарга ыңгайлуу шарттарды түзүү бүгүнкү жыйындын максаты экендигин айтып өттү.

“Жергиликтүү бюджетке жеңилдик болсун деген максатта, эл аралык жана коомдук уюмдар менен иштешип, жаңы долбоорлорду ишке ашырып келебиз. Шаардыктарды таза суу менен камсыз кылуу, коомдук транспортторду жаңылоо, эс алуу жайларды реконструкциялоо, балдар аянтчаларын куруу багытында  долбоорлорду  ишке ашырууну көздөп жатабыз. Ошондой эле, келечек муундарга тарбия берип, билимин жогорулатуу максаты да камтылган. Жалпысынан алганда быйыл эки жарым млрд. сомдон ашык инвестиция тартылды. Ош шаарынын мэриясы шаардыктарга ыңгайлуу шарттарды түзүп, инфраструктураны жакшыртуу максатында эл аралык жана коомдук уюмдар менен тыгыз  кызматташабыз”,-деди З.Аскаров.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу  чарба комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватова 2016-2017-жылдагы 100 жашыл долбоор иштелип чыгып, анын  ичинен эң ири долбоорлор эл аралык уюмдар менен ишке ашканын билдирди. Ал эми 2020-жылга чейин күнөсканаларды куруу, эс алуу жайларды калыбына келтирүү жана башка ушул сыяктуу ири долбоорлор даярдалып жаткандыгын кошумчалады.

"Ал эми эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү мекеме-ишканалар менен биргеликте долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришип, жыйын суроо-жооп иретинде уланды. Мындай форматтагы жолугушуулар ар бир кварталда уюштурулуп,  жасалган иштердин жыйынтыгы  чыгарылып турат", - деп билдирет басма сөз кызматы. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38