Жалал-Абаддын жаштары тазалык акциясын өткөрүштү
Жалал-Абад шаарында 10-ноябрдан 17-ноябрга чейин жарыяланган жаштар жумалыгынын алкагында жогорку жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын студенттеринин катышуусу менен шаардагы ондон ашуун борбордук көчөлөрүндө тазалык акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаев билдирди.
Анын айтымында, жарыяланган жумалыктын алкагында шаар жаштарынын катышуусу менен бир катар акциялар өткөрүлүп жатат. Аларга шаар жаштары активдүү катышышууда.
-Бүгүн да тогуз окуу жайдын студенттеринин катышуусунда тазалык акциясын өткөрүп жатабыз. Мындагы негизги максат – студенттерди шаардын тазалыгын сактоого, шаардын активдүү патриотторунан болууга чакыруу болуп саналат. Мындай тазалык акциясы жаштар иштери боюнча комитетинин уюштурусу менен мурда да болуп келген, - дейт ал.
Тазалык акциясына катышкан Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти Элиза Усенованын айтымында, учурда жаштар гана эмес улгайган адамдар да текебердиктен, маданиятсыздыктан улам көчөлөрдөгү тазалыкка кайдыгер карашат. Жаштардын мындай тазалык акциясы дагы да өткөрүлө берсе шаардыктардарга өз өрнөгүн берет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13