
Жалал-Абадда жаштар дебат уюштурушту

Жалал-Абад шаарында 10-ноябрдан 17-ноябрга чейин жарыяланган Жаштар жумалыгынын алкагында шаардык жаштар комитети тарабынан Укук, бизнес жана билим берүү академиясында Жалал-Абад шаарындагы 8 жогорку жана орто билим берүү окуу жайларынын студенттеринин катышуусунда бүгүнкү күндөгү коомдо актуалдуу деп тандалып алынган темалардын алкагында дебаттар өткөрүлдү.
Шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаевдин айтымында, шаардагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында интеллектуалдык, спорттук иш-чараларга көбүрөөк көңүл бурулууда.
- Шаар жаштары жана студенттери катышып жаткан иш-чараларды, сынактарды биз Жалал-Абаддагы окуу жайларында өткөрүп жатабыз. Андагы негизги максат – шаар жаштары арасында бири-бирин жакындан таанып-билүү, өз ара карым-катнаштарын чыңдоо болуп саналат, - дейта л.
Өткөрүлүп жаткан дебаттардын уюштуруучуларынын бири, Укук бизнес жана билим берүү академиясынын студенти Расулжан кызы Жаңылай студенттердин аң-сезимин жогорулатуу максатында алардын оратордук чеберчилигин күчөтүү үчүн ушундай дебаттарды уюштуруу колго алынды.
-Дебатта жаштар коррупция темасын тандап алышып, “Ага ким күнөөлү?”, “Кызмат адамдарыбы, же жарандарбы?”, “Өлүм жазасын Кыргызстанда кабыл алуу керекпи?”, “Элдик дарыгерлердин ишине чектөө киргизиш керекпи?” - деген суроолордун алкагында жаштар өздөрүнүн ой-пикирлерин ортого салышты, - дейт ал.
Жаштар иштери боюнча комитети жумалыктын алкагында дагы бир катар иш-чараларды өткөрө турганын билдирди.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30
Өзбекстанда мугалимдерге айлыктын ордуна жөжө берилүүдө
Каракалпакстандын Нукус районунда нак акчанын жоктугунан улам мугалимдерге маянанын ордуна жөжө...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 10:32