Текебаев үйүнө белгисиз бирөөлөр киргенин айтты
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн күндүз Бишкек шаарынын Баетов көчөсүндөгү үйүнө кимдир бирөөлөр киргенин билдирди. Анын жубайы үйүнө келгенде эшиги ичинен жабык тургандыктан кире албай жолдошуна телефон чалган. Саясатчы андан соң милицияны чакырганын, алар иликтөө жүргүзүп жатканын айтты.
- Менин үйүмдүн кире беришинде эки катар эшик бар. Аялым ичиндеги бир эшикти ача албай койгон, анын үстүнө үйдө кимдир бирөөлөр жүргөнүн байкаган. Милиция учурда үйдө текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Кирген адамдар баалуу буюмдарга тийбептир, курал салынган сейфти ачуунун аракетин көрүп, ары-бери кулаткан экен. Мени кооптондурганы - алар документти алгандан мурун, кандайдыр бир нерсени үйгө калтырып кетиши мүмкүн. Ошондуктан азыр милиция дыкат текшерүү жүргүзүп жатат.
Кечээ УКМК Өмүрбек Текебаев менен бирге эки фракциялашы 2012-жылы “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы тууралуу документтерди жарыялап, Башкы прокуратура муну иликтөөгө алды. Текебаев болсо УКМК жалган документтерди көрсөтүп жатканын айтып чыкты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









