“ЖАЭ” Ачык акционердик коомунда “143” ишеним телефону иштеп жатат (ФОТО, ВИДЕО)
“Жалалабатэлектро” Ачык акционердик коомунун (“ЖАЭ”ААК) кызматкерлери 10 айдын жыйынтыгы, күз-кыш айларына даярдыктын жүрүшү жана “Акылдуу эсептегич” орнотуу иштери боюнча “Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда журналисттер үчүн жыйын өткөрүштү.
Аталган маалымат жыйынга “ЖАЭ” ААКнын техникалык директору Сардарбек Мамашов, электр энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы Замир Халиков, өлчөп-ченөө кызматынын башчысы Жайлообек Мамажановдор катышты.
Сардарбек Мамашовдун маалымат жыйында берген маалыматына караганда, “ЖАЭ” ААКнын кыш мезгилине карата даярдык иштери аягына чыгып баратат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, ремонт иштери план боюнча бардыгы аткарылып, ремонт иштери аяктап жатат. Өкмөттүн тапшырмасы боюнча дебитордук карыздарды кыскартуу үстүндө иштеп жатканын баса белгилеп кетти.
- Мындан сырткары, өкмөттүн токтому менен куруу жана реконструкция иштерине план берилген. Аны да толугу менен аткарып, бүгүнкү күндө куруу жана реконструкция иштерин 130 пайызга аткарылды. Жаңы трансформатор коюу боюнча иштерди 110 пайызга, аба чубалгыларын реконструкция иштерин 100 пайызга аткардык. Ала-Бука районунда 5 кВт “Шекафтар-Терек-Сай” деген эски линияларыбыз бар. Мына ушул 2 чакырым аба чубалгыларын өзүбуздүн күчүбүз менен калыбына келтирдик. Учурда биздин ишканада “143” деген ишеним телефону иштеп жатат. Бул номерге чалуу акысыз. Ар бир жаран электр жарыгына байланыштуу суроолор менен кайрылып, тишелүү кызматтардан жоопторду алууга мүмкүнчүлүгү бар,-деди С.Мамашов.
“ЖАЭ” ААКнын электр энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы Замир Халиковдун берген маалыматына караганда, облус аймагында 200 миң абонент бар. Арасында жаккан электр жарыгына акысын төлөбөгөн 50 дөн ашык абоненттерди сотко өткөрүп беришкен.
- Жыл ичинде акча чогултуу боюнча 44 миллион 269 миң сомду калкка чегерип, 44 миллион 791 миң сомду өндүрүп, планды 101 пайызга аткардык. Дебитордук карыздар боюнча жыл башында дебитор 198 миллион сом болсо, 179 миллионго түшүрдүп, ошондо биз 9,5 пайызга кыскарттык. Калктын карызы жыл башында 132 миллион болгон болсо, биз аны 110 миллионго кыскартып, жалпысынан калктын карызы 16,9 пайызга төмөндөдү. Дебитордук карыздарды 50 пайызга кыскартуу боюнча өкмөттүн план тапшырмасы бар. Учурда бул тапшырманын үстүндө иштеп жатабыз. Айрым райондордо бул көрсөткүч толугу менен аткарылды.
Мындан сырткары, “ЖАЭ” ААКнын өлчөп-ченөө кызматынын башчысы Жайлообек Мамажановдун айтымында, быйылкы жылы 3 миң “Акылдуу эсептегичтер” орнотуу пландалган болсо, азыркы учурда 2,5 миң орнотулган.
- “Акылдуу эсептегичти” орнотуу боюнча облустун 4 районунда пилоттук катары иш жүрүп жатат. азыркы учурда пилоттук 4 районго орнотуу иштери аяктоодо. Эгерде “акылдуу эсептегичтер” толук бойдон орнотулса, ар бир абонент канча жарык пайдаланганын өзү текшерип, аны өз убагында төлөп турса болот. Бул “акылдуу эсептегичтер” канча акчасы түгөнсө өзү автоматтык түрдө өчүп калат. Абонент ошол себептен, акчасын күндө текшерип, ошого жараша иш жарыкты колдонууга жакшы шарттар түзүлөт, - деди Ж.Мамажанов.
Маалымат жыйынга катышкан журналисттер тарабынан бир нече суроолор берилип, ынанымдуу жооптор алынды.
“Көк-Арт Инфо” Маалымат борбору.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38