Ташкент 7 чек ара тилкеси боюнча Кыргызстан менен орток пикир табылганын билдирүүдө
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен талаштуу мамлекеттик чек ара тилкелеринин айрымдары боюнча орток пикирге келгенин билдирди. Өзбекстан ТИМинин сайтында айтылгандай, 8-ноябрдан 13-ноябрга чейин Фергана шаарында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жумушчу топторунун жолугушуусу өтүп, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси талкууланган.
Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары менен Өзбекстандын Анжиян, Наманган жана Фергана облустарынын чектешкен аймактарындагы буга чейин такталбаган 14 тилкеде биргелешкен талаа изилдөө иштери өткөрүлгөнү кабарланууда. Анын жетиси боюнча бирдиктүү пикир табылган. Бул боюнча азырынча кыргыз тарап маалымат бере элек.
Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырым аралыкты түзөт. Анын 320 чакырымы такталбай турган. Мунун айынан акыркы жылдары чек арада ар кандай чыр-чатактар чыгууда.
2016-жылдын сентябрынан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыктын жандануусу байкалууда. Чек ара маселелери боюнча жумушчу топтор бир нече жолу жолугушууга жетишти.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









