Атамбаев депутаттардын оффшордогу акцияларын текшерүүнү тапшырды
Башкы прокуратура Белиз өлкөсүнөн Кыргызстандын УКМКсына жиберилген “Альфа Телеком” боюнча документтерди текшерүүгө алат. Бул боюнча тапшырманы президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Башкы прокурору Индира Жолдубаевага табыштады.
УКМКга келген документтерге ылайык, 2015-жылга чейин “Альфа Телекомдун” акцияларынын 50 пайызы сатылган учурда “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова өздөрүнө тиешелүү акциялардан түшкөн кирешени бөлүп алмак. Бирок соттун чечими менен “Мегакомдун” калган 50 пайыз акциясы камакка алынганына байланыштуу сатык токтотулган.
Белиз өлкөсүнөн келген документтерге караганда, үч депутаттын ар биринде дээрлик 8 пайызга чейин акциялар болгон. Ошол эле учурда “Альфа Телеком” Максим Бакиевге таандык болуп, 2010-жылы ишкананын 50 пайызы улутташтырылган.
Мамлекет башчы ортого чыккан маалыматтарга байланыштуу бардык жагдайларды тыкыр иликтеп, бул боюнча коомчулукту кабардар кылып турууну тапшырды.
Ал ортодо “Ата Мекен” фракциясынын аты аталган депутаттары УКМК жасалма документтерди көрсөтүп жатканын, аларга карата каралоо жүрүп жатканын билдиришти.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









