Бакиевдер Беларустагы 1 миллиард долларлык долбоорго инвестиция салат
Мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын балдары 1 миллиард долларлык «Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясы» долбооруна инвестиция салат. Бул тууралуу орусиялык Росбалт басылмасы беларус ММКларына шилтеме кылып жазды.
Курманбек Бакиевдин жакында эле «Минск» мейманканасына жетекчи болгон аялы өз өкүлү аркылуу ага «долбоор тууралуу эч нерсе белгисиз экенин» айттырган.
Аталган корпорация 2016-жылдын 11-августунда каттоодон өткөн. Ал Минск облусунун Руденск шаарындагы 160 гектар аянтта тоют жана ага кошума заттарды өндүрүүгө багытталган жогорку технологиялык агроөндүрүштүк комплекс түзүү менен алектенери болжолдонууда.
Руденсктеги долбоорго салынчу инвестициянын көлөмү 1 миллиард долларга бааланууда. Президент Лукашенконун жарлыгына ылайык, каржылоо «Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясынын» жеке каражатынын, ошондой эле насыя жана карыз иретинде алынган акчалардын эсебинен ишке ашырылат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









