Нурхан Жумабаева: Кыргызстанда кант диабети менен ооруган балдардын саны көбөйүп бара жатат
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кант диабети менен ооруган балдардын саны күндөн-күнгө көбөйүп бара жатат. Бул тууралуу “Диабетсиз балалык” коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурхан Жумабаева “Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда журналисттер үчүн өткөн жыйында билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, “Диабетсиз балалык” коомдук бирикмеси 2013-жылы 26-мартта түзүлгөн. Бул коомдун түзүлүп калышынын негизги себеби – Н.Жумабаеванын кызы 1 жаш 8 айында кант диабети менен ооруп калган. Ошондон кийин, ал ата-энелерди бириктирип атайын коом түзүү чечимин кабыл алышкан. Үч жарым жылдан бери аталган бирикме үзүрлүү иштеп келе жатат.
- Жалал-Абад облусунда 2016-жылдын февраль айынан иштеп баштадык. Азыркы кезде облуста 47 бала кант диабети менен ооуйт экен. Алардын ичинен бешөө Жалал-Абад шаарынан. Кант диабети – өзүңөр билгендей аябай эски, бирок жукпаган оору. Кыйынчылык менен айыга турган оорулардын катарына кирет. Биздин балдарыбыз инсулинге көз каранды. Биринчи эле каалообуз - бул балдар үчүн бала бакчаларда, мектептерде ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат. Балдарга сапаттуу инсулиндерди алып келип берүү, өзүнчө диабет мектептерди ачуу демилгеси менен чыгып жатабыз. Андан кийин, журналисттерди, мамлекеттик чиновниктерди, мугалимдердин, дарыгерлердин башын бириктирип, ушул кант диабети менен ооруган балдарга көбүрөөк көңүл бурганга аракет кылып жатабыз, - деди Н.Жумабаева.
Жалал-Абад облусунун штаттан тышкаркы башкы эндокринологу Эркин Салиевдин берген маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Жалал-Абад облусунда кант диабети менен ооруган адамдардын саны 7,5 миңден ашык.
- Ошолордун ичинен 56 кант диабетинин 1-тиби менен ооруган балдар болсо, анын ичинен 47си 14 жашка чейин ооругандар болуп эсептелет. Негизинен бизде кант диабетинин 1-тиби менен 236 адам ооруйт. Бул өтө көп эмес. Ал эми калганы 2-тиби менен ооруйт. Быйылкы жылдын январь айынан 7342 адам ооруса, 9 айга карата 7400 кант диабетинин 2-тиби менен ооруган адамдар бар. Биздин Жалал-Абад облусунда эң негизинен кант диабети менен ооруган балдардан саны Ала-Бука, Аксы, Токтогул жана Сузак райондорунда көп. Эң көбү Ала-Бука районунда 10 бала кант диабети менен ооруйт. Ошолордун 14 жашка чейинкилери 7 бала болуп эсептелет. Андан кийинки орунда Аксы районунда 8 бала ооруса, анын ичинен бешөө 14 жашка чейинкилер кант диабети менен ооруйт. Чаткалда 5 бала ооруса, ошолордун ичинен үчөө 14 жашка чейинки балдар. Жалал-Абад шаарында бешөө ооруса, анын үчөө 14 жашка чейинки бала, калганы өспүрүмдөр. Балдардын баары инсулин гармон алышат. Эң негизгиси балдарга инсулин жетиштүү берилет. Балдар гана эмес, чоңдорго да инсулин жетиштүү. Бир гана нерсеси бар, химулин А,Е деген берилип жатат, - дейт эндокринолог Э.Салиев.
Эмне себептен жаш балдар кант диабети менен көп ооруп жатышат? – деген журналисттин суроосуна эндокринолог төмөндөгүдөй жооп берди:
- Кант диабетинин келип чыгуу себеби бул эң негизгиси – оор түрдө инфекциялык же вирустук оорудан кийин, кызамык же катуу сасык тумоо менен ооруган болсо, ушулардан негизинде пайда болгон оору, же бул тукум куучулук болушу мүмкүн. Эң негизгиси кант диабети – бул инфекциялык оорулардан кийин ооруй турган оору деп айтылат. Экинчи типтегилер андай эмес. Бул жаш өткөндөн кийин аз кыймылдуулуктан, тамеки чегүүдөн, ичимдик ичкенден, өтө семирип кетүүдөн, көп тамак жегенден пайда болушу мүмкүн. Экинчи типтегилер – бул тукум куучулук, эгерде атасы, апасы ооруса 25-30 пайыз, ал эми атасы же апасы ооруса 15-20 пайыз балдары оорушу ыктымал. Кант диабети менен ооругандарга препараттар акысыз, таблетка түрүндөгү кан түшүрө турган дарыларды өздөрү сатып алышат. Ресурстук борбор жакында эле ачылды. Ал жерде балдарды да, чоңдорду өзүн-өзү көзөмөлдөгөнгө үйрөтүп жатышат. Өзүн-өзү көзөмөлдөө бул – кандай абалда, кандай жардам көрсөтүүнү үйрөнүшөт. Кант диабети менен ооругандардын баары сакайбайт. Жылдан-жылга облус боюнча кант диабети менен ооруган 200-300 адам жаңыдан кошулуп турат. Эң негизгиси элге пропагандалоо керек. Көп кыймылда болуп, ичимдик ичпөө, өтө семирип кетпөө бул оорунун алдын алууга жардам берет, - деп түшүндүрмө берди Э.Салиев.
Жалал-Абад шаарындагы врач-эндокринолог Мухабат Дадабаеванын айтымында, Нурхан Сатыбалдиевнанын демилгеси, “Диабетсиз балалык” коомдук бирикмесинин колдоосу менен Жалал-Абад шаарныда ачылган ресурстук борбордун максаты – балдар биздин келечек болгондуктан, кант диабети менен ооруган балдардын санын азайтып, алар өз убагында тамактанып, дем алуусуна шарт түзүп берүү болуп саналат.
- Биз мектептерде, соцкызматкерлердин арасында конференцияларды өткөрүп, кант диабети менен ооруган балдарга мектептерде шарт түзүп берүүнү колго алууну көздөп жатабыз. Биздин ресурстук борборго кант диабети менен ооруган балдардын ата-энелери да аябай активдүү катыша башташты. Балдар үчүн бөлүнгөн 9 саат бар. Ар бир сабакты биз ар бир күнгө бөлүп койгонбуз. Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда бул мектептин сабактары жакшы өнүгө баштады. Келечекте биз ойлойбуз, ушул балдарыбыздын келечеги, ден-соолугу биздин колубузда. Себеби, алгачкы жолу балдардын тапшырган анализдеринде канты аябай жогору болгон. Ресурстук борборго келип, 9 сабакка катышкандан кийин, ал балдардын анализдери жакшы болуп калды. Глюкамизиндүү гемоглабин деген бир анализибиз бар, аны ар бир 3 айда балдардын канын текшерип турабыз. Канын текшерип, алардын андан аркы ден соолугун көзөмөлгө алабыз. “Жакшы келечек - биздин балдарыбыз” – деген ураан менен ачылган ресурстук борбор февраль айынан бери иштеп жатат. Балдардын ата-энелери: “Силердин сабактарга катышкандан кийин, балдардын жүрүш-турушу өзгөрүп, көңүлү көтөрүңкү боло баштады. Дүйнөгө болгон көз карашы, бири-бирине болгон мамилеси өзгөрдү” – деп айтып жатышат. Келечекте балдарыбыз оорубасын, алар үчүн биз күрөшүп, мамлекетте мындай оорулар азайышын каалайт элек. Ар бир топто 4-5 тен эле бала бар. Ар бир балага кант диабети оорусу жөнүндө, кант көтөрүлгөндө, кант түшкөндө эмне кылуу керектиги бонча маалымат беребиз. Кант диабети жугуштуу эмес – бул өзүбүздүн жүрүш-туруштан, гендин өзгөрүшүнүн натыйжасынан пайда болгон оору, - дейт М.Дадабаева.
Көпчүлүк кант диабети менен ооруган кыздардын ата-энелери кооптонуу менен кызынын андан аркы тагдырына бушайман болушат. Кант диабети менен ооруган кыздарын турмушка бере албай жатышкандыгын айтышып, жолдошуна жуктуруп койбойбу? – деген суроону бүгүн 4-5 жолу мага берип жатышат. Бул суроого төмөндөгүчө жооп берейин деди М.Дадабаева: -Мен өзүм кант диабети менен ооруйм, турмушка чыгып, азыр бир уулум бар, ал 5,5 жашта. Балам акылдуу болуп, аябай жакшы чоңоюп жатат. Кант диабети менен ооруган кыздар деле турмушка чыгып, төрөсө болот.
Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер клиникасынын жетекчиси Анара Алымкулованын маалыматына караганда, 14-ноябрь – кант диабети менен ооругандардын күнү. Бул күнү жетекчилерге, коомчулукка кайрылып, кант диабети менен ооругандарга көмөк көрсөтүүнү колго алганга жакшы шарт түзүлөт.
- “Диабетсиз балалык” КБнин жардамы менен шаарда ар кандай акциялар өтүп, элге кант диабети боюнча маалыматтар берилип жатат. Бул саамалыкты өткөргөндөргө ыраазычылык билдиребиз. Дарыгер, клиниканын жетекчиси катары – биздин кызматыбыз - үй-бүлөнү да, балдарды да карайбыз. Кант диабети менен ооругандар менен тыгыз байланышта иштейбиз. Арасында кант диабети менен ооруган балдар да бар. Көчөнү кыдырганда, бизге көрүнгөнү келген адамдардан кайсы жериңиз ооруйт, тез-тез суусагандар, буту-колу ооругандар жокпу, көзү кандай көрөт? – деп өзүбүз аныктап, кант диабетинин алдын алабыз. Мындан ары да кант диабетин алдын алуу боюнча иш аракеттерди уланта беребиз. Кант диабети менен ооругандарды учетко алгандан кийин, алардын кантын текшерип, кабылдоосун көзөмөлдөп турабыз. Бул оорунун көзгө, бөйрөккө, тамырларга, өзгөчө нерв ооруларына терс таасири бар. Көбүнчө нерв ооруларына таасирин тийгизет.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер – ар бир оорунун алдын алууга, алардын ден соолугун көзөмөлдөп туруу биздин милдетибиз. Ар бир үй-бүлөлүк дарыгерге 3 миңге жакын калк карайт. Эндокринологдор кеңештерин берип турат, биз аларды көзөмөлдөп турабыз. Негизи азыр Кыргызстанда дарылоо амбулатордук түрдө жүргүзүлөт, - дейт А.Алымкулова.
“Диабетсиз балалык” коомдук бирикмесинин мүчөсү Курманжан Төрөбаева 11 жашынан бери кант диабети менен ооруйт.
- Мен бейтап катары айтат элем, бул ооруну ар бирибиз кандай кабыл алабыз, кантип тамактанабыз, өзүбүздү кантип алып жүрөбүз? Мунун баары ар бир адамдын өзүнө байланыштуу. Айтып кете турган нерсе, 18 жаштан жогорку кант диабети менен ооругандар инсулиндерди тез-тез алмаштырганга аргасыз болуп жатабыз. Ошолорго мамлекет тарабынан жардам берсе. Биринчи кезекте, өзүн-өзү көзөмөлдөгөнгө көбүрөөк көңүл буруп жатабыз. Ошол себептен, тест полосканы өзүбүз сатып алабыз, ошого жардам берсе. Орточо ар бир флакон 700-800 сомдон турат. Анда 50 даана тест полоска болот. Мен бир күндө орточо 3-4 жолу кантты текшеришим мүмкүн. Ал куту бир айга да жептей калат. Инсулин менен камсыз кылат. Ушул тест полоска менен да камсыз кылууда баасын төмөндөтүп, же камсыз кылып берсе жакшы болот эле, - деди К.Төрөбаева.
Сузак районунун Октябрь айылындагы Мичурин орто мектебинин мугалими Чынара Макамбаеванын сөзүнө караганда, көпчүлүк мектептерде медициналык кызматкер жок. Кант диабети менен ооруган балдарга мектептерде шарттар түзүлгөн эмес.
- Мен ата-эне, мугалим катары, күндө практикада ушул ооруга туш болуп тургандыктан, өзүмдүн айта турган сөзүм бар. Менин кызым үч жылдан бери кант диабети менен ооруйт. Биздин мектепте 2 бала кант диабети менен ооруса, бири менин кызым, экнчиси 3-класста окуган бала. Мектепте окуучуларга ысык тамак берилет. Бирок, кант диабети менен ооруган балдар бул тамакты жей албайт. Биздин мектепте медайым бар, ал кандай жардам бергенди билет. Башка мектептерде медайымдар жок, ал жерде иштеген мугалимдер да бул ооруга кандай жардам кылаарын билбейт. Эки жыл мурун биздин мектепте бир кыз өтүп кеткен. Жарым жыл ооруган, аны эч ким кант диабети менен ооруганын билген эмес. Себеби, ал окуучу суусай берген, анан өтө арыктап кеткен. Ооруканага барганда, кыздын эси ооп калганда, жөн эле глюкоза куюшкан, ошону менен бүткөн. Анда кыздан организми күйүп кетет. Ошону бардык педагог билиш керек. Менин кызым биринчи ооруганда билген эмесмин. Канты 18 экен десе, өзү түшүп кетет деп ойлогомун. Илимдин өнүгүшү менен кант диабети оорусу жашарып бара жатат. Бул оору ичинен ооруйт, сыртынан билинбейт. Бардык мугалим бул оору жөнүндө билсе, баланын ден соолугун сактап калса болот. Бизде мектеп директору, мугалимдер, медайым, ашпозчу бул оору жөнүндө билет, ошол үчүн бала менен тыгыз байланышта болушат, - дейт Ч.Макамбаева.
Жумабаеваын айтымында, Конституциянын 45-беренесинде ар бир бала билим алууга укуктуу экедиги жазылган. Бирок, бул берене дайым эле кант диабети менен ооруган балдар үчүн сактала бербейт.
- Бизде мамлекеттик, муниципалдык бала бакчаларда кант диабети менен ооругандарды кабыл албагандын эң негизги себеби, бул жерде иштеген тарбиячылардын, медициналык кызматкерлердин билими жок. Мамалекетте сапаттуу инсулинди бергени менен кант диабети боюнча окутуу болбосо, анын натыйжасы да болбойт. Бизде мугалимдерди, соцкызматкерлерди, кичи персоналдаржы, медицина кызматкерлери кант диабетинин биринчи жана экинчи тиби боюнча маалыматтарды алышып, кат диабетинин мектебинен өтүшү керек. Бишкекте атайын кант диабети менен ооруган балдардын ата-энеси биригип туруп “Пчёлки” деген бала бакчасын ачканбыз. Биринчи жылы 12 бала, кийин 8 бала, былтыр 6 бала мектепке кетти. Ал жерде кичинекей балдарга кандай кылып кантты өлчөгөндү, инсулинди жеген тамагы менен өлчөп колдонбосо, аны кабыл алуу өтө коркунучтуу. Себеби, инсулин адамга жашоо берсе да, ал өлүмгө алып келиши мүмкүн. Ошол себептен, биздин бала бакчада балдарга текшергенди үйрөтөбүз. Балдар жаш кезинен инсулин менен жашоону үйрөнүшү керек. Тест палоскалар 2-4 жаштагы балдарга 3-4 күнгө араң жетет. Орточо эмгек акы 6 миң 700 сом болсо, анын 4 миң сому эле тест палоска алганга кетип жатат. Кант диабети менен ооруган балдар 18 жашка чыкканга чейин 3 миң сомдон, андан жогоркулар 2,5 миң сомдон майыптыгына алышат. Тест палоскалар орточо 8000 сом турат. Кант диабети менен ооруган үй-бүлөдө ата-энесинин бирөө ал бала менен күн-түн бирге иштебей карап туруш керек. Бир адамдын иштегени 4-5 баласы бар үй-бүлөнү бакканга жетпейт. Ошол себептен, өкмөт бюджеттен тест палосканы алууга жардам берсе жакшы болмок. Бизде облуста мамлекеттик органдар менен байланыш жок. Эми гана байланыш түзүлүп келе жатат, - деди Н.Жумабаева.
Эндокринолог Э.Салиевдин сөзүнө караганда, кант диабети менен ооругандарга инсулин бекер берилет. Бирок, иче турган таблеткаларын ооруган бейтаптар өздөрү сатып алып ичишет.
Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт
Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...
АНАЛИТИКА 2016-05-18 13:03
Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...
Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...
АНАЛИТИКА 2016-05-31 14:15
Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...
Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...
АНАЛИТИКА 2016-06-05 04:30
Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...
Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...
АНАЛИТИКА 2016-06-10 16:39
Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?
Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...
АНАЛИТИКА 2016-07-05 17:58
Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...
Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...
АНАЛИТИКА 2016-07-30 16:45
Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...
Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...
АНАЛИТИКА 2016-08-21 13:24