KELECHEK
rek

Бордюжа: ЖККУга мүчө өлкөлөр жашыруун террорчул уячаларды активдүү аныкташууда

Бордюжа: ЖККУга мүчө өлкөлөр жашыруун террорчул уячаларды активдүү аныкташууда

ЖККУ мамлекеттери уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймактарында жашыруун иш алып барып жаткан террористтик уячалардын ишмердүүлүктөрүн аныктоо жана токтотуу боюнча жигердүү иштеп жатышат. Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа билдиргенин РИА Новости кабарлады.

"Биздин өлкөлөрдүн коопсуздук органдары террористтик уячаларды жана террорчулардын көмүскө топторун аныктап жатышат. Чет жактардагы кагылышууларга катышып келгендердин же биздин өлкөлөрдө террористтик ишмердүүлүктөрдү жүргүзүп жаткан адамдардын байма-бай кармалып, камакка алынып жатканы белгилүү", — деп Бордюжа.

Анын белгилешинче, азырынча террорчулардын бул сыяктуу уячаларынын иши жанданды деп айтууга болбойт. ЖККУга мүчө мамлекеттер андай коркунучтардын алдын алуу боюнча «жигердүү иштеп жатышат» деп кошумчалады Бордюжа.

ЖККУ КМШга мүчө өлкөлөр тарабынан 1992-жылдын 15-майында кол коюлган Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимдин негизинде түзүлгөн. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Өзбекстан уюмдагы ишмердүүлүгүн токтоткондугу тууралуу 2012-жылы июндун аягында жарыялаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12