Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршылар БШКга арыз жолдошту
Оппозициячы саясатчылардын жана жарандык коом өкүлдөрүнүн бир тобу Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат сурап БШКга кайрылышты. Бул тууралуу "Азаттык" уналгысы билдирди.
Жарандык коом өкүлү Рита Карасартованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, БШКга арыз 8-ноябрда берилген:
-Азырынча бизге эч кандай жооп жок. Шайлоо жана референдум тууралуу мыйзамдарга ылайык, биздин топ үгүт жүргүзүүгө укук алып катталса, Коомдук телеканалдардан бизге прайм-тайм убактысында акысыз, башка учурда акы төлөнүүчү эфир убактысы бөлүнүп берилүүгө тийиш.
Карасартова буга чейин бийлик тарабынан Баш мыйзамга өзгөртүү керек дегенден башка шайлоочуларга эч кандай маалымат берилген жок деп билдирди.
Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы үгүт жүргүзүү арызы менен оппозиционерлер Адил Турдукулов, Равшан Жээнбеков, Бегалы Наргозуев жана Мавлян Аскарбеков да Боршайкомго кайрылышкан. Бул топ да азырынча БШКдан катталганы тууралуу расмий маалымат бериле электигин ырастоодо.
БШКнын сайтында референдумду өткөрүү боюнча бардык каалоочулар үгүт жүргүзүүгө укуктуу деп жазылган. Ага ылайык, үгүт жүргүзүүгө арыздар берилген күндөн тартып он күн ичинде каралат.
Референдумга чыгарылган маселе боюнча үгүт иштери жалпы элдик добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









