Жалал-Абаддагы “Балапан” бала бакчасынын кошумча жаңы имараты ишке берилди
Жалал-Абад шаарында жайгашкан №26 “Балапан” бала бакчасынын кошумча жаңы имараты ишке берилди. Буга арналган салтанатка шаар мэри Салайдин Авазов катышып, бала бакчанын эмгек жамаатына ийгиликтерди каалады.
Бала бакчанын жетекчиси Адалат Туташованын билдиришинче, аталган бала бакчада буга чейин 110 бала тарбияланып келсе, мындан кийин жаңы имараттын салынышы менен кошумча 30 баланы кабыл алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
- Биз шаар мэриясына жана шаардык билим берүү бөлүмүнө чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Себеби, бизге балдарын бергиси келген ата-энелер көп, бирок балдар үчүн орун аз болуп келген. Эми бир катар үй-бүлөлөр үчүн жакшы шарт түзүлдү, -дейт А.Туташова.
Шаар мэри балдардын жакшы тарбиялануусу жана билим алуусу үчүн аракеттер жасалып, ар кандай шаттарды түзүү улантыла берерин билдирди. Ал эми шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев да жакшы шарттарды түзүп берип атканы үчүн шаар жетекчилигине ыраазылык билдирди.
Эскерте кетсек, “Балапан” бала бакчасынын кошумча жаңы имаратын куруу үчүн шаар бюджетинен 5 миллион 17 миң сом акча каражаты каралган. Ал эми шаарда 22 муниципалдык, 5 менчик бала бакчалары бар.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30