Жалал-Абадда жаңгак фестивалы үчүнчү жолу өттү
КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Эл аралык уюмдардын каржылоосу менен 3-жолу жаңгак фестивалын өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Алынган маалыматка караганда, анда токой чарбаларда өндүрүлгөн продукциялар жарманкеге коюлуп, токой жемиштерин кайра иштетүү багытында талкуулоо өткөрүлдү. Фестивалга облустагы токой чарбалардын, жергиликтүү бийликтин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Негизинен Жалал-Абад облусунда өскөн жаңгактардын маңызы чет өлкөлөргө экспорттолот. Быйыл 3-жолу уюштурулуп жаткан фестивалдын максаты – жаңгак токойлорунун көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу жана токой пайдалануучуларынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу болуп саналат.
Айлана-чөйрө жана токой чарба агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, бүгүнкү күндө облусубуздун токой фондунун жалпы аянты - 737 миң 734 гектарды түзөт. Анын ичинен 35 миң гектары жаңгак токойлору. Жылына жаңгак токоюнан 10 миң тоннадан ашык жаңгактын маңызы өндүрүлөт.
Жалал-Абад облусунда 15 токой чарба жана 4 өз алдынча токойчулук иш алып барат. Аларда 16 миңден ашык үй-бүлө токой аянттарын ижарага алып иштетет. 2013-жылы жаңгактын түшүмдүүлүгү көп болуп, жаңгактын 2 миң тонна маңызы чет өлкөгө экспорттолгон. Ал эми 2014-2015-жылы түшүмдүүлүк аз болгон. Ошого байланыштуу 450 тонна гана жаңгак эскпорттоого жетишилген. Быйылкы жылдын эсебинен 140 тонна жаңгак эскпорттолду.
Эскерте кетсек, облуста 200дөн ашык токой пайдалануучуларынын катышуусунда “Кыргыз токой байлыгы” кооперативи уюшулуп, анын негизинде акыркы жылдары Голландияга миң тоннага жакын жаңгактын маңызы экспорттоло баштады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38