Президенттин Указы менен жаңы өкмөт курамы дайындалды
Президент Алмазбек Атамбаевдин 11-ноябрдагы жарлыгы менен Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын премьер-министри, Мухаметкалый Абулгазиев 1-вице-премьер-министр, Олег Панкратов вице-премьер-министр, Жеңиш Разаков вице-премьер-министр, Чолпон Султанбекова вице-премьер-министр болуп дайындалды.
Президенттин дагы бир жарлыгы менен жаңы өкмөт мүчөлөрү: Акылбек Осмоналиев өкмөттүк аппараттын жетекчиси, Эрлан Абдылдаев Тышкы иштер министри, Улан Исраилов Ички иштер министри, Уран Ахмедов Юстиция министри, Адылбек Касымалиев Финансы министри, Арзыбек Кожошев Экономика министри, Нурбек Мурашев Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри, Жамшитбек Калилов Транспорт жана жолдор министри, Кубатбек Боронов Өзгөчө кырдаалдар министри, Гүлмира Кудайбердиева Билим берүү жана илим министри, Талантбек Батыралиев Саламаттык сактоо министри, Түгөлбай Казаков Маданият, маалымат жана туризм министри, Таалайкүл Исакунова Социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды.
Ошондой эле Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, Дүйшөнбек Зилалиев Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу комитетинин төрагасы, Бакыт Шаршембиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы болуп дайындалды.
Кыргыз өкмөтү өткөн аптада парламенттеги көпчүлүк коалиция тарап кеткенине байланыштуу кызматтан кеткен эле. Андан кийин куралган коалиция сунуштаган өкмөт курамындагы он эки министрликтин алтоо, төрт вице-премьерлик кызматтын биринде жетекчилик алмашкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









