KELECHEK
rek

Жалал-Абадда улутташтырылган “Строймаркет” соода жайы муниципалитетке өттү

Жалал-Абадда улутташтырылган “Строймаркет” соода жайы муниципалитетке өттү

Жалал-Абаддагы мурда экс-президент К. Бакиевдин жакындарына таандык деп эсептелип, кийин улутташтырылган “Строймаркет” соода жайы шаардык муниципалитеттин менчигине өткөрүлдү. Бүгүн шаардык кеңештин кезектеги сессиясында шаар депутаттары тийиштүү токтомду кабыл алышты.

Буга чейин шаар мэриясы шаар казынасын байытып, шаардагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында мурда улутташтырылган бир катар объекттерди шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү суранычы менен өлкөнүн жогорку мамлекеттик органдарына кайрылган болчу. Кыргыз өкмөтү мурда сепаратист Кадыржан Батыровго таандык болгон, кийин конфискацияланган көп кабаттүү бир турак үйүн жана “Строймаркет” соода жайын шаардын муниципалдык менчигине берүү чечимин чыгарган. Шаар депутаттары өкмөттүн токтомун колдоого алышты.

Бирок, ушул соода жайын андан ары иштетүү үчүн шаардык керек-жарак департаментине өткөрүп берүү маселесинде кыйла талаш-тартыштар жүрдү. Айрым депутаттык топтор бул соода жайын жеке кишиге өткөрүп берүүгө аракет кылышса, шаар мэри Салайдин Авазов баш болгон аткаруу бийлигинин өкүлдөрү буга караманча каршы турушуп, соода жайын ким бирөөгө ижарага берүү маселеси депутаттардын ыйгарым укуктарына кирбестигин айтып чыгышты. Кызуу талаштардан кийин депутаттар шаардык керек-жарак департаментинин башкаруусуна берүү чечимин кабыл алышты.

Эскерте кетсек, шаардык мэриянын берген маалыматына караганда, “Строймаркет” соода жайын иштетүүдөн шаар бюджетине 71 миллион сом киреше алуу пландаштырылууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38