
Эртең түштүк аймактык жүрөк кан-тамыр хирургия борборунун жаңы имаратын бүткөрүү үчүн марофон өтөт (ФОТО)

Эртең, 11-ноябрь күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрында түштүк аймактык жүрөк кан-тамыр хирургия борборунун жаңы имаратынын биринчи кабатын толук бүткөрүп, ишке берүү үчүн марофон өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган борбордун директору Калдарбек Абдыраманов маалымат жыйында билдирди.
Түштүк аймактык жүрөк кан-тамыр хирургия борборунун директору Калдарбек Абдырамановдун берген маалыматына караганда, илимий борбор мындан 5 жыл мурда уюшулган. Себеби, Кыргызстанда 6 млн. адам жашаса, жылына 12-13 миң адам жүрөгүнө операция жасатууга муктаж. Бул өтө көп көрсөткүч.
- Кыргызстандын түштүгүндө 60-65 пайыз эл 4 миллионго жакын жашайт. Ошондо 8-9 миңге жакын адам жылына жүрөккө операция жасатууга муктаж. Ушуну эске алып өкмөт Жалал-Абад шаарында түштүк аймактык кардиохирургия борборун уюштурган. Быйыл биз 5 жылдык маарекеге даярданып жатабыз. Бул өтө кубанта турган окуя болот. Жакында 1,5 айдан кийин болот. Ошол эле учурда кемчилдиктер да болуп жатат. Республикалык маанидеги мекемени бүткөрүүгө каражат жетпей, марофон өткөрүүгө туура келип жатат. Өкмөт ушул борбордун ишин жандандыруу үчүн бүтпөгөн имаратты бөлүп берген. К.Батыровдун улутташтырылган имаратынын жалпы аянты 3 миң квадрат метрди түзөт. Мунун аянты жана статусу жагынан Бишкектеги кардиохирургия илимий борборуна татый турган мекеме. Эми ошол имараттын ремонт ишин жасоо 2 жылдан бери бир аз созулуп, бүтпөй жатат. Биринчи кабатын өкмөт тарабынан бөлүнгөн акчага ремонт жасадык. Ошол эле учурда өкмөт тарабынан 1,5 млн. долларга бааланган чоң ангографиялык аппаратты, жүрөк кан-тамыр системаларын жаңы заманбап ыкмада дарылай турган аппаратты алып берген. Бирок, ошол система коюлган жерди ремонт кылып ишке киргизүү үчүн биринчи кабатта дагы ремонт болбой калган жерлерин ремонт жасоо үчүн азыр акча каражаты жетишсиз болуп жатат. Өкмөт тарабынан да каражат жагынан тартыш болуп жаткандыктан, жылдын аягында ушул мекеменин ремонтун бүтүрө албай кыйналып турабыз. Ошол себептен, элдин колдоосу менен марофон өткөрүп, бөлүмдү ишке берели деп жатабыз, - деди К.Абдыраманов.
Ал эми түштүк аймактык жүрөк кан-тамыр хирургия борборунун башкы дарыгери Кайрат Эргешовдун айтымынада, жаңы имарат 3 кабаттан турат. Азыркы учурда биринчи кабатынын 50 пайызы бүткөн. Жалпысынан оңдоп-түзөтүү иштерине 120 млн. сом кетет. Жергиликтүү бюджеттен 1,5 млн сом каралган. Биринчи кабаты толук бүткөрүлүшү үчүн дагы 4,5 млн. сом акча керек болуп жатат.
Жалал-Абад облусук саламаттык сактоо тармагынын координатору Маматжан Мияновдун айтымында, жалпы саламаттык сактоо тарамыгынын кызматкерлери өздөрүнүн бир күндүк маянасын 1,5 млн. сомду түштүк аймактык жүрөк кан-тамыр хирургия борборунун жаңы имаратынын ремонту үчүн которуп беришкен.
Ошондой эле, Жалал-Абад облустук кан борборунун кызматкерлери да бул саамалыктан артта калбай өлкөбүздө жүрөк кан-тамыр ооруулардын көптүгүн эске алып, профсоюз кошунунун чогулушунда, түштүк аймактык кардиохирургия борборунун имаратын оңдоп-түзөөгө бир күндүк эмгек маянасын которуп берүүнү чечишти.
“Көк-Арт Инфо” маалымат борбору.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38