“Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жана үгүтчүлөрү жашаган 5 үй тинтүүгө алынды
Жалал-Абад ОИИБгы, облустук казыят жана УКМК менен биргеликте, облус аймагында диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында ыкчам маалыматтардын жана соттун санкциясынын негизинде, Жалал-Абад шаарынын аймагында ШИИБнүн 10-тобунун каттоосунда турган, “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жана үгүтчүлөрү жашаган 5 үйдүн даректерине таң аткан убакта эрте менен тинтүү жүргүзүлдү.
Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, жалпысынан операция учурунда “Хизбут-Тахрир” динний экстремисттик уюмуна тиешелүүлүгүнө шектүү болгон 5 даана китеп 1 даана баракча, 19 даана ДВД диск, 2 даана флешка, 1 даана МP3 аппараты, 1 даана видеокассета, 9 даана дептер, 2 даана ноутбук, 36 даана 16 калибрдеги ок атуучу куралдын ок дарысы, 1 даана “BLOW COMPACT” үлгүсүндөгү газо-травматикалык тапанчасы ( пистолети ) далил буюм катары алынып, чогултулган материалдар Жалал-Абад ШИИБнүн Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, соттук-теологиялык жана баллистикалык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Акыркы убакта Жалал-Абад облусунда түшүндүрүү иштеринин натыйжасында бул мыйзамсыз уюмдун мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыккандардын саны арбып барат. 7 адам жыл башынан бери адашып калгандыгын сезип, кайрадан туура жолго салттуу ислам динине кайткандыгын мойнуна алып массалык маалымат каражаттары аркылуу жалпы журтка жар салган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53