KELECHEK
rek

Түркмөн президентинин учагы Атлантика үстүндө авариялык абалга кептелди

Түркмөн президентинин учагы Атлантика үстүндө авариялык абалга кептелди

Атлантикалык океандын үстүндөгү аба мейкиндигинде “Түркмөн авиалинияларынын” “Боинг 777” учагы авариялык абалга кабылган. EZ-A777 номурлуу  аба кемеси Түркмөнстан президентин тейлейт. Окуя 2016-жылы 31-октябрда болгон.

«Боинг» EZ-A777 жүргүнчүлөрү жок Атлантадан Ашхабадга учуп келе жаткан. Учак 5-сентябрдан бери АКШда техникалык кароодо болчу. Атлантикалык океандын үстүнөн учуруп бара жатып, Исландиядан 1000 чакырым алыс аралыкта экипаж кыймылдаткычтардын биринде күйүүчү майдын деңгээли кескин түшүп кеткенин байкаган. Мындан кийин учак багытын дароо өзгөртүп, 70 мүнөттөн кийин Рейкьявик эл аралык аэропортуна конууга мажбур болгон.

Бузук жери оңдолгон соң EZ-A777 Ашхабадга 46 саатык кечигүү менен барган. Натыйжада Гурбангулы Бердымухаммедов Владимир Путин менен жолугуу үчүн Сочиге камдыкта турган башка учак менен барган.

Учурда «№1 Борт» оңдолду, дал ушул учак менен Бердымухаммедов 7-8-ноябрь күндөрү Малайзияга расмий сапары менен жөнөп кетти.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...