Украина Крымдагы адам укуктары боюнча резолюцияны БУУга сунуштады
Украина Крымдагы адам укуктарынын сакталышы боюнча резолюциянын долбоорун БУУга сунуштады. Резолюция Орусияны аннексияланган жарым аралга эл аралык байкоочуларды киргизүүгө чакырат. Бул тууралуу Франс Пресс агенттиги билдирүүдө. Документке 38 өлкө авторлук кылууда, алардын арасында АКШ, Улуу Британия, Франция дагы бар.
Резолюцияда Крымдагы жарандардын, анын ичинде крымдык татарлардын жана украиндердин укуктарынын чектелиши айыпталган. Мындан тышкары документ Орусияны крым-татарлардын Межлисин экстремисттик уюм катары таануу чечимин токтоосуз түрдө жокко чыгарууга үндөйт.
Ошондой эле жарым аралдагы адам укуктарына байланышкан абал боюнча баяндама даярдоо үчүн эл аралык байкоочуларды Крым аймагына тоскоолдуксуз киргизүүнү талап кылат.
Украинанын БУУдагы өкүлү Владимир Ельченко Крымдагы эки жарым миллион жашоочу авторитардык режимден запкы чегип, коркуп, өз укуктарын коргоо мүмүнчүлүгүнөн айрылып калганын билдирди. Орусиянын БУУдагы өкүлү Евгений Загайнов сунушталган документти бир тараптуу деп атап, Украина Орусияга каршы маалымат чабуулун күчөтүп жатат деп айыптады.
Орусия Крымды 2014-жылы референдумдан кийин аннексиялап алган. Украина менен эл аралык коомчулук добуш берүүнүн жыйынтыктарын тааныган эмес. 8-ноябрда Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн каржы министрлери Крымдын аткаминерлерине карата жаны санкцияларды киргизүүгө макулдашкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Тажикстан: ММКнын башкы көйгөйү - расмий маалымат алуу
Тажикстан өкмөтүнүн “Ховар” маалымат агенттигине расмий маалымат алууда артыкчылык берүү...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:56