ЕБнын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Кыргызстанга келди
Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Ал өлкөдө 12-ноябрга чейин болот. Бул тууралуу ЕБнын республикадагы өкүлчүлүгү маалымдады.
Сапар алкагында ал 10-11-ноябрда өтө турган “Борбор Азиядагы экстремизмдин алдын алуу – коомдоштук деңгээлиндеги чакырыктар жана таасирденүү” деп аталган аймактык конференцияга катышат.
Иш-чара 2016-жылдын май айында Евробиримдик жана Борбор Азия ортосундагы саясат менен коопсуздук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдун негизинде жетишилген макулдашуулардын, ошондой эле октябрда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары менен Европа Биримдигинин ортосундагы жолугушуунун алкагында уюштурулууда.
Мындан тышкары Петер Буриан кыргыз өкмөтү, Жогорку Кеңеш депутаттары, жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулайт. Жолугушуу учурунда өлкөдөгү конституциялык реформалар туурасында дагы сөз жүрөт.
Евробиримдиктин атайын өкүлү 8-ноябрда Ош шаарына дагы барып, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү борборлордун кызматкерлери үчүн уюштурулган семинарга катышат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









