Пьер Карден Парвина Саидованы Парижге чакырды
«WORLD BEAUTY ASTANA 2016» сулуулар жана мода фестивалынын финалында Тажикстандын атынан чыккан Парвина Саидова "Missis International-2016" номинациясы боюнча жеңишке жетишип, белгилүү кутюрье Пьер Карденден чакыруу алды. Эми ал Парижге барат.
Сынакка дүйнө жүзү боюнча 4 жаштан 35 жашка чейинки жана андан жогорку курактагы 120 модель катышкан. «Missis» деп аталган жаш курак боюнча категориялар (31 жашка чейин) «Silver», (35 жашка чейин) «Gold», (35 жаштан жогору) «Platinum» деп бөлүндү. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 5-ноябрда Астанада өттү.
Беш баланын апасы, 27 жаштагы Парвина Саидова тажик дизайнерлеринин улуттук кийимдери менен Борбор Азия жана Европанын подиумдарына бир нече жолу чыккан.
Эи жыл мурун эле ал мода дүйнөсүнөн такыр алыс болчу. Жаш айымды дизайнер Хуршед Сатторов байкап калгандан кийин баары өзгөрдү.
Ал Тажикстандагы белгилүү ырчылардын клибине тартылганга чейин катардагы үй кожойкеси катары балдарын тарбиялоо менен алектенген. Эки жыл мурун өмүрлүк жолдошу өлүп калган соң анын жашоосу кесин өзгөрдү. Көңүлү чөккөн аял жакындарынын кеңеши менен өзүнө келип, жашоосунун жаңы барагын ачты.
Социалдык түйүндөрдөгү сүрөттөрү көңүл бурдуруп, аны жарнама, клип, тасмаларда тартылууга чакыра башташты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт
Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...
МАДАНИЯТ 2016-05-06 17:34
Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...
МАДАНИЯТ 2016-05-07 15:33
"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...
Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...
МАДАНИЯТ 2016-05-13 05:41
Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты
Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...
МАДАНИЯТ 2016-05-16 19:07
Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду
69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 16:13
Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 18:32
Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...
МАДАНИЯТ 2016-05-24 23:29