Клинтон менен Трамп шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн жыйынтыкташууда
8-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтөт. Анда талапкерлердин биринде да билинерлик артыкчылык жок болуп жаткан бир нече штаттагы добуш берүүлөр чечүүчү болуп калышы мүмкүн.
Шайлоого бир күн калганда Демократиялык партиянын өкүлү Хиллари Клинтон менен республикачы талапкер Дональд Трамп өлкөнүн үч аймагындагы шайлоочулардын көңүлүнө жагуу үчүн акыркы аракеттерин көрүштү. Флорида жана Түндүк Каролина штаттарындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары талапкерлер үчүн чечүүчү болуп калышы мүмкүн.
Сурамжылоолор аталган штаттардагы талапкерлер ортосундагы атаандаштык абдан күчтүү экенин көрсөтүүдө, бирок жалпы өлкө боюнча популярдуулугу жагынан Клинтон Трамптан бир аз алдыда. Республикачы талапкер кечээки күндү Флоридада баштап, андан соң Түндүк Каролинага жөнөгөн. Квиннипэкс университетинин сурамжылоосунун маалыматтары боюнча эки штатта тең Клинтон артыкчылыкка ээ, бирок анча көп эмес.
Зарыл болгон 270 добушту жана Акүйдүн башчысы кызматын камсыз кылуу үчүн Трамп Флорида менен Түндүк Каролинада жеңишке жетиши керек. Клинтондо ал аймактарда 270 добуш алып, АКШнын кийинки президенти болуу мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк. Ал Флорида менен Түндүк Каролинадан сырткары Пенсильвания менен Мичиганда да шайлоо алдындагы митингдерди өткөргөн. Трамп болсо аталган штаттарга, андан сырткары Нью-Гемпширге барган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









