Атамбаев: Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча Борбор Азияда алдынкы орунда
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосунда мамлекетти, адамдын өзүн маалыматсыз элестетүү мүмкүн эместиги, мүнөт сайын өзгөрүп жаткан дүйнөнү журналисттер кыймылдатып жатканы белгиленген.
Президент ошондой эле мындай шартта журналисттердин кесипкөйлүгүнөн коомдун күрөө тамыры көз каранды экендигин, коомдук пикирдин калыптануусуна журналисттер чоң салым кошуп жатканын айтат. Атамбаев Кыргызстан сөз эркиндиги жагынан Борбор Азиядагы алдыңкы өлкө экенин белгилеп, журналисттерди Кыргызстандын келечегине жоопкерчилигин унутпоого чакырган.
"Дүйнө, регион олку-солкулукка батып турганда Кыргызстанда тынчтыктын, элдин ынтымагынын баасы ченемсиз өстү. Ошондуктан, журналисттер дайыма чындыктан, калыстыктан тайыбашы керек жана өз Мекенинин келечеги үчүн жоопкер экенин да эстен чыгарбоого тийиш. Анткени, бул баарыбыздын Мекенибиз"-деди президент.
7-ноябрь – маалымат жана басма сөз күнү катары кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу белгиленип келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









