Жалал-Абад шаарында жашаган жери жок адамдарга түнөк үйү ачылды
Жалал-Абад шаарынынын мэриясынын алдындагы “Кайрымдуулук” борборунун курамында белгилүү жашаган жери жок адамдарга шаар мэринин буйругу менен түнөк үйү ачылды. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Айзат Раматиллаева билдирди.
Анын айтымында, кыш жакындаган сайын белгилүү жашаган жери жок, жардамга муктаж атуулдардын абалы оорлоп, алар ар кандай оорчулуктарга кириптер болушат. Жергиликтүү бийликтер аларга камкордук көрүүсү зарыл.
- Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу бар, ошол буйрукту ишке ашыруу менен биз түнөк үйүн ачып, ал 1-ноябрдан 1-апрелге чейин иштеп турат. Жашаган жери жок атуулдар кышындасы суукта сыртта калышы өтө коркунучтуу. Ошондуктан биз 20 орунга ылайыкташкан түнөк үйүн ачып, ага зарыл шарттарды камсыз кылдык, - дейт ал.
Түнөк үйүндө азырынча 5 киши түнөк алса, алардын ыңгайлуулугу үчүн кир жуугуч машина, мончо, чачтарач, керебеттер менен жууркан-шейшептер, идиш-аяктар камсыз кылынган. Бул максатта шаардык бюджеттен 213 миң сом каралып, түнөк алган атуулдарга бир жолудан ысык тамак берилет.
- Биз түнөк алган атуулдардын коопсуздугун, саламаттыгын жана таза жашоосун камсыз кылуу максатында тийиштүү шаардык кызматтарга тапшырма бергенбиз, - дейт А. Раматиллаева.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13