KELECHEK
rek

Британия ТИМ башчысы: ИМ тобунун лидери аль-Багдади Мосулдан чыгып кетти

Британия ТИМ башчысы: ИМ тобунун лидери аль-Багдади Мосулдан чыгып кетти

 «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун лидери Абу Бакр аль-Багдади Ирактын Мосул шаарынан чыгып кетти. Бул тууралуу Улуу Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон батыш атайын кызматтарынын маалыматтарына шилтеме кылып билдирди.

Жонсон курчоодогу шаардан чыгып кетип, бирок интернет аркылуу башкаларды Мосул үчүн күрөшүүгө чакырып жаткан ИМ тобунун лидеринин аракетин «катуу шылдың» деп атады.

Күн мурун интернетте аудиокайрылуу тараган. Анда «Ислам мамлекетинин» лидери делген адам согушкерлерди Мосул шаарын коргоого чакырган. Бул аль-Багданинин бир жыл ичиндеги алгачкы кайрылуусу болду. Буга чейин анын өлтүрүлгөнү кабарланган. Бирок жетекчилик расмий билдирүү жасаган эмес.

17-октябрда Ирактын өкмөттүк күчтөрү менен күрттөрдүн пешмерга күчтөрү 2014-жылдан бери ИМдин согушкерлеринин көзөмөлүндө турган Мосул шаарына чабуул башташкан. Аларга АКШ башында турган коалициялык күчтөр жерден жана абадан колдоо көрсөтүүдө. Эки апта ичинде Мосулга чабуул койгондор шаарга жакын бара алышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт

«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн....

ДҮЙНӨ 2016-05-06  17:52

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет

Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам...

ДҮЙНӨ 2016-05-06  18:02