Президент Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Башкы катчысы башында турган өкүлдөр менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 13-майда, Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Башкы катчысы Александр Кувшинов, Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Башкы Ассамблеясынын Президенти Фагниди Фиакре Адам Кили жана Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Аткаруу Комитетинин Төрагасы Дашрауи Моэз менен жолугушту.
Жолугушууда Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Башкы катчысы Александр Кувшинов жакында Бишкекте өткөн Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Аткаруу Кеңешинин 49-сессиясынын жана Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Башкы Ассамблеясынын 22-сессиясынын жыйынтыктары тууралуу Президентке маалымат берип, жылуу кабыл алууну жана иш-чаралардын эң жакшы уюштурулганын белгиледи.
Президент Алмазбек Атамбаев Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун жана Бишкекте өткөн Уюмдун отурумдарынын маанисин белгилеп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелери мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендигин айтты.
Мамлекет башчысы ошондой эле Фагниди Фиакре Адам Килини Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Башкы Ассамблеясынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктап, анын ишине мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Жолугушууга ошондой эле, Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Башкы катчысынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов катышты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12