KELECHEK
rek

Түркмөнстанда Гүленге байланышы бар ишкерлер камалууда

Түркмөнстанда Гүленге байланышы бар ишкерлер камалууда

Түркмөнстанда акыркы айларда бир нече ири ишкерлер камакка алынды. Алар түрк диний ишмери Фетуллах Гүлен жетектеген «Хизмет» кыймылы менен байланышта болгон деп айыпталып жатышат.

Бийлик Ашхабаддагы популярдуу "AlpEt" рестораны менен "Merdem" оюн-зоок борборунун ээси, түркмөн ишкери Ресул Атагелдыевди насыяларды максатсыз пайдаланууга айыптоодо. Анын достору кеп болуп жаткан насыялар өз учурунда төлөнгөнүн билдирип жатышат. Бирок тергөө акча каражаты Гүлен менен байланышы бар делген чет өлкөлүк компаниялардын эсептерине которулган деп эсептөөдө.

Атагелдиев менен бирге кеминде дагы жыйырмага жакын белгилүү ишкердин камакка алынганы белгилүү. Алар да түрк диний ишмерине байланышы бар деп айыпталып жатышат.

Ишкерлердин камалышы Түркия президенти Реджеп Тайып Эрдогандын Ашхабадга болчу сапарына байланыштуу деп болжолдонууда. Белгилүү болгондой, Эрдогандын өкмөтү АКШда жашап жүргөн оппозиционер жана белгилүү диний ишмер Гүлен менен анын «Хизмет» уюмун июндагы аскердик төңкөрүш жасоо аракетин уюштурган деп айыптап келет.

Июлдагы окуядан кийин Ашхабадда Гүлендин кыймылынын колдоосундагы Эл аралык түркмөн-түрк университети жабылган. Өлкөдөгү башка көптөгөн түркмөн ишкерлериндей эле Ресул Атагелдыев дагы аталган окуу жайдын бүтүрүүчүсү болуп эсептелет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...