KELECHEK
rek

Парламентте көпчүлүк коалиция түзүлдү

Парламентте көпчүлүк коалиция түзүлдү

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов коалиция түзүлгөнүн Жогорку Кеңеште расмий жарыялады. Башкаруучу альянстын курамына КСДП, "Кыргызстан", "Бир бол" фракциялары кирди.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун билдиргенине караганда, үч партиянын саясий көз караштары дал келди.

«Биринчи кезекте мамлекеттин алдында турган маселелер, демократиялык институттарды, элдин биримдигин чыңдоо, өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоо, экономика, социалдык тармакты, маданиятты өнүктүрүү, мындан тышкары 2017-жылга чейин өнүгүү стратегиясын аткаруу боюнча пикирлерибиз бир чыккандыктан биригүү болду», — деди ал.

Парламентте 120 депутат бар болсо, башкаруучу көпчүлүккө кирген КСДП, "Кыргызстан", "Бир бол" фракцияларынын депутаттарынын саны 68ди түздү.

24-октябрда “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикир келишпестиктерден улам КСДП фракциясы коалициядан чыгып, башкаруучу биримдик бузулган. Президент Алмазбек Атамбаев коалиция түзүү милдетин кайра эле Социал-демократтар фракциясына тапшырган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12