Жалал-Абад шаарынын муниципалитети менен ЖМКнын кызматташтыгы күчөтүлмөк болду
Жалал-Абад шаарындагы “Мөл-Мөл” эс алуу комплексинде 7-ноябрда белгиленүүчү басма сөз күнүнө жана шаар мэриясынын алдындагы Маалымат борборунун түзүлүп, иштеп жатканына 1 жыл толушуна карата массалык маалымат каражаттарында эмгектенген журналисттердин катышуусунда “Маалымат борбору: жыйынтыктар жана перспективалар” аталышындагы тегерек стол өткөрүлүп, анда шаардагы муниципалдык кызматтар менен ЖМКлардын өз ара кызматташуусу тууралуу талкуу өттү.
Бул иш-чарага шаар мэри Салайдин Авазов баштаган муниципалдык кызматтардын жетекчилери катышышты. Маалымат борборунун директору Жалил Сапаровдун айтымында, бул иш-чаранын максаты - Жалал-Абад шаарынын муниципалитети менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын, маалымат таркатуу булактарынын ортосундагы өз ара кызматташтыкты күчөтүү болуп саналат.
Тегерек столдо сөз сүйлөгөн шаар мэри С. Авазов журналисттерди алдыда келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
- Шаарда бүгүнкү күндө тармактардын баарында өзгөрүүлөр болууда. Аларды калкка туура жана так, өз убагында маалымдоодо журналисттердин эмгеги чоң. Учурда шаарыбызда ийгиликтер менен бирге эле кемчиликтер да бар, ал маселелерди эң эле көйгөйлүүлөрүн четинен чечип келе жатабыз, - деди ал.
Жыйындын учурунда муниципалдык кызматтардын жетекчилери менен журналисттер ортосунда 2017-жылы өз ара кызматташууну жакшыртуу боюнча пайдалуу ой-пикирлер айтылды. Ал эми иш-чаранын аягында шаар мэриясы тарабынан бир катар журналисттерге жана ЖМКларга Ыраазылык каттары, акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13