KELECHEK
rek

ИМ тобунун лидери Түркияны опузалаган видеокайрылуу жасады

ИМ тобунун лидери Түркияны опузалаган видеокайрылуу жасады

«Ислам мамлекети» экстремисттик тобу Интернетке лидери Абу Бакр аль-Багдадинин видеокайрылуусун жарыялады. Тасманын узундугу жарым саатка жакын. Анын аныктыгы азырынча ырастала элек.

Исламчылар тарабынан аль-Багдади делинип жаткан видеодогу адам тарапташтарын Мосулду коргоого чакырган. Ал ИМ тобунун күчтөрү шаарды таштап кетпестигин жана жеңишке жете тургандыктарына ишенерин кошумчалап, Түркиянын дарегине опузалоо сөздөрүн айткан.

Бул аль-Багдадинин бир жылга жетпеген убакыт ичиндеги алгачкы кайрылуусу. Буга чейин анын өлтүрүлгөндүгү тууралуу божомолдор айтылган, бирок террорчул топ ал тууралуу кабарлоону каалабайт.

Кайрылуу «Ислам мамлекети» тобунун согушкерлери 2014-жылдан бери ээлеп турган Мосул шаарын бошотуу операциясы башталгандан эки жума өткөн соң жарыяланууда. Расмий түрдө шаарга чабуул жасоолор 17-октябрда башталган. Ага ирак аскерлери, шийит козголоңчулары жана ирактык күрттөрдүн отряддары катышууда. Аларга Кошмо Штаттар башында турган коалициялык күчтөр абадан колдоо көрсөтүүдө. Ушул аптада ирак аскерлери Мосулдун чыгышындагы районго кирип барышкан.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52