Жалал-Абадда маданият кызматкерлерине урмат көрсөтүлдү
Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы атындагы драма театрында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, маданият тармагынын алдыңкыларына урмат-сый көрсөтүлдү.
Майрамда сөз сүйлөгөн шаар мэри Салайдин Авазов бул жылы маданият тармагында болуп жаткан көптөгөн ийгиликтерге токтолуп, бул тармакта эмгектенип жаткан кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
- Бул жылы биз шаардагы маданият кызматкерлерине чоң белек тапшырганы турабыз. Көп жылдардан бери маданият бөлүмү эскилиги жеткен, ыңгайсыз имаратта орун алып, алардын жакшы иштөөсүнө шарт түзүлбөй келген. Эми биз аларга заманбап эки кабаттуу, бардык ыңгайлуулуктары бар имаратты тартуулап жатабыз. Ошондой эле, биздин маданият кызматкерлерибиз эл аралык “Көчмөндөр оюнуна” катышып, байгелүү орундарды жеңип алышты, – деди С.Авазов.
Эскерте кетсек, облуста жалпысынан 1700дөн ашуун маданият кызматкерлери бар болсо, алардан экөө “Кыргыз республикасынын эл артисти” жана бешөө “Эмгек сиңирген артист” наамдарын алышкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт
Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...
МАДАНИЯТ 2016-05-06 17:34
Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...
МАДАНИЯТ 2016-05-07 15:33
"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...
Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...
МАДАНИЯТ 2016-05-13 05:41
Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты
Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...
МАДАНИЯТ 2016-05-16 19:07
Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду
69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 16:13
Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 18:32
Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...
МАДАНИЯТ 2016-05-24 23:29