Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарды милдеттүү түрдө каттоо системасы киргизилүүдө
Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарды милдеттүү түрдө каттаттуу системасы киргизилүүдө. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жаңы эреже «Тышкы миграция жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышына байланыштуу.
2016-жылдын 4-ноябрынан тарта Кыргызстанда жүргөнүнө беш күндөн ашкан бардык чет өлкөлүк жарандар каттоодон өтүшү керек болот. Аны аткарбагандарга 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.
Жаңы эреже өлкө аймагында 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүү укугуна ээ Орусиянын жарандарына гана тийиштүү эмес. Казакстандыктар болсо жакында эле кол коюлган келишим ратификацияланганга чейин каттоодон өтүп туруулары керек болот.
Чет өлкөлүк жарандарды каттоо Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан жашаган жерлери боюнча ишке ашырылат.
Кыргызстандын аймагындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, башка өлкөлөр менен эл аралык уюмдардын консулдук мекемелеринин кызматкерлери ТИМдин Консулдук кызматтар департаментинде катталышы керек болот.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20









