KELECHEK
rek

Эрнисбек Ормоков: “Шаарыбызда акыркы эки жылда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр болду”

Эрнисбек Ормоков: “Шаарыбызда акыркы эки жылда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр болду”

Бүгүн, 2-ноябрь күнү Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Эрнисбек Ормоков журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, 4 жыл аралыгында шаардык мэрия менен тыгыз иш алып барышып, бир топ ийгиликтерге жетишкенин баса белгилеп кетти.

Төрага Э.Ормоков өз сөзүндө шаардык кеңештин мөөнөтү бүтүп, бул 4 жыл аралыгында жергиликтүү депутаттар тарабынан бир топ иштер аткарылып, шайлоочулар алдында берген убадаларын аткарууга аракеттер жасалганына токтолду.

- Жалал-Абад шаардык кеңешинин 6 чакырылыштын депутаттарынын иштегенине 4 жыл болуптур. Шаардык кеңештин депутаттарынын иши бир топ алгылыктуу болду. Себеби, 25 жыл ичинде жасалбаган иштер аткарылып,  акыркы 2 жыл аралыгында шаарыбызда болуп көрбөгөндөй абдан чоң өзгөрүүлөр болду. Өзүңүздөр байкагандай жолдор, стадиондор, сквер парктар, канализация түтүктөрү оңдолуп жатат. Шайлоочулар алдында, шаардыктардын алдында биздин жүзүбүз жарык. Биздин жасап жаткан иштердин баары шаардыктар үчүн, шаар үчүн болду десек болот. Шаардын бюджети шаардыктардын, элдин салыгынын эсебинен чогулат. Мунун баары приоритеттүү багытта, шаарыбыздын инфраструктурасын жакшыртууга пайдаландык. Кудай насип этип, кийинки жылдары да ушундай өзгөрүүлөр менен жыйынтыктар чыгат деген ойдомун. Шаардын өнүгүшүнүн 3 жылдыгын бекиткенбиз. Анда шаардын тротуарларын оңдоо, жолдорду асфалттоо каралган. Келечекте шаардын социалдык жана экономикалык жагына көбүрөөк көңүл буруу жагы бар, - деди Э.Ормоков.

Төраганын айтымында, шаарда бала бакчалар, ФАПтар жетишпейт. Жаңы конуштарда жарык, канализация маселеси чечилбеген. Келечекте ушул маселелер чечилиши керек. Шаар кеңейген сайын проблемалар да көбөйүп жатат. Аны чечүүдө шаардык кеңештин депутаттарынын аткара турган иштери опол тоодой эле болмокчу.

“Былтыркы жылы шаардын бюджети 305 миллион болчу, азыркы күндө шаардын бюджети 325 миллион болуп калды. Бюджетти 20 млн сомго көтөрүүгө жетише алдык. Бул патенттен, калктын санынын көбөйүшүнөн, жаңы ачылган ишканалардын эсебинен бюджетти көтөрүп жатабыз. Мэриянын алдында жергиликтүү салыкты топтой турган салык кызматы түзүлгөн. Алар транспорт салыгын, мурда өндүрүлбөй келген салыктарды өндүрүп жатышат. Шаарга өтө көп инвесторлор келип жатышат, алар көп кабаттуу үйлөрдү салууга кызыктар болушууда”, - дейт шаардык кеңештин төрагасы.

“Көк-Арт Инфо” Маалымат борбору.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12