Маданият кызматкерлери 4,5 миң сом алганына карабай, чыгармачылык менен иштеп келе жатышат
Бүгүн, 2-ноябрь күнү Жалал-Абад шаарында Барпы атындагы облустук театрында Маданият кызматерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди.
Аталган салтанатка КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчиси Жеңиш Жоробеков, УКМКнын облустагы башкармалыгынын башчысы Канжарбек Бокаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов, шаардык кеңештин төрагасы Эрнисбек Ормоков, район-шаарлардан келген маданият кызматкерлери жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин облустагы өкүлү Рахматулла Козукеев слатанаттуу жыйынды ачып берип, министр Түгөлбай Казаковдун атынан жалпы маданият кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктап, чгырмачылык ийгиликтерди каалап кетти.
“Маданият кызматкерлериин эң көп маянасы 4,5 мин сом болгонуна карабай, өз кесиптерин сүйгөндүктөн кабагым-кашым дебей чыгармачылык менен иштеп келе жатышат. Быйыл экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Жалал-Абаддан 37 маданият кызматкерлери катышып, 21 театрдын ичинен Барпы театры баш байгени утуп алды. Көк-Жаңгак шаарында каароосуз калган маданият үйү капиталдык ремонттон өттү. Сузактагы “Аялзат” фольклордук тобу КТРдин кароо-сынагына катышып келди”, - деди Р.Козукеев.
Андан кийин сөзгө чыккан КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев маданият кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, чыгармачылык иштерине ийгилик каалап, алдыңкы кызматкерлерге ардак грамоталарды, алкыш баракчаларын тапшырды.
Ошондой эле, майрамдык салтанатка келген бир катар жетекчилер маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ардак грамоталарын, акчалай сыйлыктарын, баалуу белектерин беришти. Ал эми мектеп окуучулары, жаш таланттар маданият кызматкерлерине арнаган өздөрүнүн концерттик программасын тартуулашты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт
Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...
МАДАНИЯТ 2016-05-06 17:34
Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...
МАДАНИЯТ 2016-05-07 15:33
"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...
Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...
МАДАНИЯТ 2016-05-13 05:41
Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты
Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...
МАДАНИЯТ 2016-05-16 19:07
Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду
69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 16:13
Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 18:32
Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...
МАДАНИЯТ 2016-05-24 23:29