Тажикстанда 13 күн кызмат өтөгөн чек арачы аткезчилер тарабынан өлтүрүлдү
Тажикстандын чек ара аскерлигинин 27 жаштагы офицери Ооганстандан келе жаткан аткезчилерге каршылык көрсөтүү маалында каза болду. Акыркы кездери Ооганстандан Тажикстанга аткезчилик менен маңзатын алып кирүү аракеттери көп байкалууда.
Тажикстандын күч органдары чек ара аскерлигинин 27 жаштагы офицери Умеджон Хасановду өлтүргөн аткезчилердин тек-жайын аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүшүүдө. Окуя 20-октябрга оогон түнү Ооганстандын Тахор провинциясы менен чектешкен Тажикстандын Хамадони районунда болгон. Офицердин туугандарынын айтымында, анын денесинде 11 октун изи бар болгон.
Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча чек арачылар быйыл 22 жолу ооган аткезчилери менен каршылашууга барышкан. Умеджон Хасанов ушул жылы аткезчилердин огунан каза тапкан алгачкы тажик чек арачысы.
Аткезчилердин жана башка кылмыштуу топтордун чектеш аймактардан өтүүсүнө жол бербөө максатында быйыл жети чек ара тозоту курулду. Тажикстан менен Ооганстандын жалпы чек арасынын узундугу 1300 чакырымды түзөт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05