
ИМ тобуна кошулууга аракет кылган студенттин «психикалык саламаттыгы жакшы» деп табылды

Сербский атындагы институттун адистери Москва Мамлекеттик университетинин студенти Александра Иванованын (Варвара Караулова) психикалык саламаттыгы жакшы деген чечимге келишти. Соттук-психикалык экспертизанын корутундусунда 2015-жылдын июнунан бери Иванованын ден соолугунда кыска мөөнөттөгү депрессия байкалганы белгиленген.
Эксперттик комиссиянын билдирүүсү боюнча студент кыз институттун ооруканасында жатканда кызматкерлерге жардам берип, текшерүүлөргө катышууга аракет кылган. Ага өткөн жылы коюлган дарт аныкталган эмес.
Студент кыз 2015-жылдын 27-майында Москвада жоголуп кеткен. Ошол эле жылдын июнунда Түркия-Сирия чек арасында 13 орусиялык кармалып, арасында Караулованын да бар экени белгилүү болгон. Алар Сирияга «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуу үчүн баратышканы кабарланган. Караулова Москвага кайтып, атын жана фамилиясын өзгөрткөн. Ага террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө катышууга аракеттенген деген айып тагылган.
Сурактын жүрүшүндө студент күнөөсүн моюнуна алган. Кыздын ата-энеси ал исламчыл азгырыкчыны сүйүп калып ушундай кадамга барган деп эсептешүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38
Казакстанда мунай өндүрүлгөн айылдарда балдар илдетке чалдыгууда
«Балдарбы же мунайбы?” коалициясы Казакстан бийлиги менен Chevron, Eni, BG Group, «Лукойл» жана...
ДЕН СООЛУК 2016-06-02 13:44