KELECHEK
rek

Жалал-Абадда кызамык менен ооруп калган учурлар быйыл катталган жок

Жалал-Абадда кызамык менен ооруп калган учурлар быйыл катталган жок

Аба аркылуу соо адамга жугуп, бардык жаштагы кишилерге, айрыкча 2-10 жашка жаштагы балдарга коркунучтуу болгон кызамык оорусу менен ооруп калган учурлар быйыл Жалал-Абад шаарында, ошондой эле бүтүндөй облуста катталган жок. Бул тууралу Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Хадича Пратова билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы кызамык оорусу менен ооруп калуунун 452 учуру катталса, анын ичинен чоңдор арасында 201, ал эми жаш балдар арасында 251 учур байкалган.

 -Быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен кызамык оорусу менен жарандарыбыздын ооруп калуусу катталган жок. Бул медицина мекемелери тарабынан такай алдын-алуу иштеринин жүргүзүлүп турганы менен түшүндүрүлөт. Ак халатчандарыбыз эл арасында, айрыкча мектептерде, окуу жайларында алдын алуу иштерин алып барышты. “Ден-соолук” комитеттери менен бирге  атайын  семинарлар уюштурулду, - дейт ал.

Эске сала кетсек, ошол эле облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун билдиришинче, быйылкы жылы энелердин өлүмү да Жалал-Абадда катталган эмес.  

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38