KELECHEK
rek

Жеңиш Жоробеков: Кызмат учурунда 17 милиция кызматкери курман болгон

Жеңиш Жоробеков: Кызмат учурунда 17 милиция кызматкери курман болгон

Жалал-Абадда кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 92 жылдыгына карата салтанат болуп, анда өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге сыйлактар тапшырылды.

Майрам салтанатына карата алгач  Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтында милиция кызматкерлеринин парады болуп, андан кийин облустук Барпы театрында КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев башатаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин, коомчулуктун катышуусунда майрамдык маанай улантылды.

Маданият кызматкерлери милиция кызматкерлерин куттуктап, өздөрүнүн концерттик программасын тартуулашты. Концерттик программадан соң, кыргыз милициясынын 92 жылдыгына карата куттуктоо сөздөр айтылып, алдыңкы милиция кызамткерлери ардак грамоталар  жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Жалал-Абад облустук ИИБнын жетекчиси Жеңиш Жоробеков жалпы милиция кызматкерлерин КР Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин атынан куттуктап, түйшүктүү иштерине ийгиликтерди каалап кетти. “Өз милдетин аткарып, кызмат учурунда 17 милиция кызматкери курман болгон. Алар өз өмүрүнөн да кызматтык милдетин жогору коюшкан”, - деди Ж.Жоробеков.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13