Казакстанда жазуучуларга гонорар төлөө маселеси талкууланууда
Казакстанда маданият маселелери боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланууда. Негизги көңүл гонорар жана коомдук маанилүү китептерди басып чыгарууга бурулууда.
Китептерди басып чыгаруу жана таратууда маданият министрлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү сунушу берилип жатат.
Акын Олжас Сулейманов китептерди мамлекеттин коргоосуна алуу зарылдыгын билдирүүдө. Анын айтымында, 25 жыл аралыгында гонорар иретинде бир теңге да алган эмес. Ал Италиянын тажрыйбасын колдонууну сунуштоодо. Аталган өлкөдө жеке банктар кирешелеринин бир бөлүгүн көз карандысыз маданий борборлорго которуп турат.
"Бул акча классикалык адабиятты колдоого жумшалмак. Банктардын жеке кирешеси бар, анын кичине бөлүгү маданият үчүн бөлүнсө, начарлап кетишпейт", — деди акын.
“Эгер жазуучунун китеби жогорку коомдук мааниге ээ болсо, өкмөт аны сатып алат. Чыгарма үчүн гонорар төлөнүп берилет”, - деди мажилис төрагасынын орун басары Гульмира Исимбаева
Бирок айрым саясат таануучулар “коомдук мааниге ээ” адабияттарды аныктоодо мамлекеттин идеологиясы салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлүп каларын, бул демократиялык коом үчүн жат көрүнүш экенин билдиришүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13
Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт
Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...
КООМ 2016-05-04 16:18