KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында өрт кырсыгы көп катталууда

Жалал-Абад шаарында өрт кырсыгы көп катталууда

Жалал-Абад шаарында автоунааларда жүз берген өрт кырсыгы былтыркы жылга салыштырмалуу көп катталууда. Бул тууралу Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №3 кароолунун башчысы, капитан Совет Маматкулов билдирди.     

Анын айтымында, 2016-жылдын 10 айында Жалал-Абад шаарынын аймагында 6 автоунаада өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык чыгым 380 миң 426 сомду түзгөн.

- Мисалга айта кетсек, 31-октябрь күнү Жалал-Абад шаарынын Москва   көчөсүндө жайгашкан автоунааны оңдоочу жайда мамлекеттик номери D1629E “Матиз” үлгүсүндөгү жеңил автоунаасынын тетиктерин ширетүү учурунда өрт чыгып, өрттөн кесепетинен автоунаа толугу менен күйүп кеткен. Негизинен өрт кырсыгы автоунаалардын айдоочулары өз автоунаасына, ал эми автоунааны оңдоп-түзөө учурунда автоунааны оңдогон кызматкерлердин кайдыгер мамиле жасагандыгынын натыйжасында жана автоунаадагы электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыгууда, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызматы автоунааларда катталуучу өрт кырсыктарын алдын алуу максатында автоунаалардын техникалык абалына дайыма көзөмөл жүргүзүү жагын колго алып, бир катар практиалык иш-чараларды жүзөгө ашырган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...