KELECHEK
rek

«National Geographicтин» башкы бетиндеги «ооган кызы» күрөө менен бошотулат

«National Geographicтин» башкы бетиндеги «ооган кызы» күрөө менен бошотулат

Пакистан бийлиги «National Geographic» журналынын башкы бетине сүрөтү чыккандан кийин дүйнөгө белгилүү болгон ооган аялын бошотуу чечимин кабыл алды. Бирок ага тагылган айыптар алынбайт.

Пакистандын ички иштер министри Чоудри Нисар Алихан ал аял болгондуктан жеңилдиктер болушу керектигин билдирди. «Менимче, биз ага жеңилдик кылышыбыз керек, анткени ал аял жана биз абалга гуманитардык көз караш менен карашыбыз керек», — деди ал.

Ошол эле маалда министр аялга тагылган айыптар алынбай турганын белгиледи. «Биз аны депортациялап же ага убактылуу виза бере албайбыз — андай болсо биз ага жасалма документтерди берген бардык мамлекеттик кызматкерлердин иштерин жабышыбыз керек болот, бирок биз андай кыла албайбыз», — деп билдирди министр.

Пакистан бийлиги «ооган кызы» Шарбат Гуланы жасалма күбөлүк пайдалангандыгы үчүн камакка алган.

Гула 1985-жылдын жайында Пешавардагы ооган качкындарынын лагеринде тартылган репортаж "National Geographic" журналына басылып чыккандан кийин белгилүү болуп калган. Гуланын үй-бүлөсү жашаган Ооганстандагы Пуштун кыштагы советтик аба соккулардын бутасына айланып, анын ата-энеси каза болгон. Анын сүрөтү советтик аскерлердин Ооганстандагы операцияларынын жүрүшүндөгү качкындардын азап чегүүсүнүн символу болуп калган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Тажикстан: ММКнын башкы көйгөйү - расмий маалымат алуу

Тажикстан: ММКнын башкы көйгөйү - расмий маалымат алуу

Тажикстан өкмөтүнүн “Ховар” маалымат агенттигине расмий маалымат алууда артыкчылык берүү...