Укук коргоочулар "Крым.Реалии" сайтын калыбына келтирүүгө чакырышууда
Журналистерди коргоо боюнча эл аралык комитет орус бийлигине кайрылып, "Крым.Реалии" сайтына чектөө киргизүүнү токтотууга чакырды.
Маалымат алуу укугу Конституцияда жана Орусия кол койгон келишимдерге көрсөтүлгөнүн комитеттин Европа жана Борбордук Азия программасынын иликтөөчүсү Музаффар Сулейманов баса белгиледи. Анын айтымында, бийлик бул укуктан аша чаппай, сайтты тезинен калыбына келтириши керек.
Крымдын прокурору Наталья Поклонская “Азаттыктын” Крым кызматынын («Крым.Реалии») сайтына бөгөт коюлганын билдирген. Сайтты жабуу чечимине “Маалымат, маалымат технологиялары жана маалыматты коргоо” мыйзамы негиз болгону белгиленет. Мыйзамда массалык башаламандыкка, экстремизмге чакырган же макулдашылбаган иш-чараларга катышкан сайттарга чек коюу тартиби каралган.
“Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын” башкы редактору Ненад Пейж радионун Крым кызматынын жабылышын экстремизм шылтоосуна жамынган цензура жана орус, крым элине аннексия тууралуу чындыкты угууга жолтоо болгон агрессиялык аракет деп сындаган.
“Крым.Реалии” Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин ишке кирген. Материалдар орус, украин жана крым-татар тилинде жарыяланат.
WWW
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04