Жапония Орусияга карата киргизилген санкцияларды албайт
Жапония Чоң жетиликтин мүчөсү катары Украинадагы абал жана Крымдын аннекцияланышынан улам Орусияга киргизилген санкцияларды албайт. Бул тууралуу 31-октябрда премьер-министр Синдзо Абэ өлкө парламентинин төмөнкү палатасындагы дебаттардын жүрүшүндө билдирди.
«Жапония G7нин мүчөсү катары Украина менен Крымдагы окуяларга байланыштуу Орусияга карата киргизилген экономикалык санкцияларды албайт», – деди Абэ.
Премьер ошондой эле Жапония менен Орусия ортосунда «70 жылдан бери чечилбей келген Курил аралдарына байланышкан маселенин бар экенин» эске салды.
Октябрдын башында Синдзо Абэ Жапония Крымдын Орусия тараптан аннексияланышын тааныбай турганын айткан.
Украинанын Жогорку Радасы 2014-жылдын 20-февралын Крым менен Севастополдун Орусия тараптан убактылуу оккупациясынын башталган күнү катары расмий жарыялаган. 2015-жылдын 7-октябрында Украина президенти Петр Порошенко тиешелүү мыйзамга кол койгон. Эл аралык уюмдар Крымдын оккупациясы менен аннексияланышын мыйзамсыз деп таап, Орусиянын аракеттерин сынга алышкан. Батыш өлкөлөрү бир катар экономикалык санкцияларды киргизген. Орусия жарым аралдын оккупациясын четке кагып, аны «тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү» деп атап келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









