KELECHEK
rek

Абактагы оппозициячылар КСДПнын коалиция түзүшүнө каршылык билдиришти

Абактагы оппозициячылар КСДПнын коалиция түзүшүнө каршылык билдиришти

Камактагы оппозициячылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана Эрнест Карыбеков элге, парламенттеги бардык фракция лидерлерине кайрылуу жолдошту. Алардын колу коюлган кайрылууда жаңы коалиция түзүү укугу кайра эле бийликчил Социал-демократтар партиясына берилгенине нааразылык жазылган.

Оппозициячылар КСДП ушуну менен көпчүлүк коалиция түзүү милдетин жетинчи жолу алганын эске салышып, мунун туура эместигин белгилешкен. Ошондой эле социал-демократтар Кыргызстандагы кадр, экономика, социалдык жана саясий маселелерди чечип келе жатканы үчүн өлкөдө бүгүн түзүлгөн абалга жооптуу экени камтылган.

«2011-2016-жылдарда КСДП түзгөн бардык өкмөттөр аз эле убакыт иштеп, көрсөтүлгөн ишенимди жана эл үмүтүн актай алган жок. Азыр да жетинчи ирет парламенттеги көпчүлүк коалиция түзүүгө киришип, анын артынан өкмөттүн жаңы түзүмүн курайт. Бул жолу фракциянын коалиция менен өкмөт түзүүгө акысы жок», -деп жазылган кайрылууда.

26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция түзүү милдетин Социал-демократтар фракциясына тапшырган. Эреже боюнча 17-ноябрга чейин коалиция түзүлүп, андан кийин премьер-министрлик кызматка талапкер көрсөтүлүшү керек. 24-октябрда “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикир келишпестиктерден улам КСДП фракциясы коалициядан чыгып, башкаруучу биримдик ыдыраган болчу.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53