Кыргызстанда кыйноолор фактысы сотко жетпей эле кыскарып калууда
Кыргызстанда мурунку жылдарга салыштырмалуу кыйноолордун саны азайып жатат. Бул тууралуу КР Башкы прокурору Индира Жолдубаева үстүбүздөгү жылы Жогорку кеңеште отчет берип жатып билдирген.
“Жарандардын укуктары менен эркиндиктерине зыян келтирген өзгөчө коркунучтар бул – кыйноолор жана адамдарды сатуу болуп эсептелет. Бул жаатта көзөмөлдү күчөтүү менен аракеттер жакшырып жатат. 2014-жылы кыйноолор боюнча 220 арыз келип түшсө, былтыр алардын саны 199га азайды”-деди Башкы прокурор И.Жолдубаева.
Башкы прокуратуранын кыйноолорго каршы күрөшүү бөлүмүнүн ага прокурору Жумабү Тыналиеванын берген маалыматына караганда, аталган бөлүм түзүлгөнүнө бир жыл болгонуна карабай, адамдардын укуктарын коргоо, кыйноолорго каршы күрөшүү, жарандардын бузулган укуктары багытында бир топ иш-чаралар аткарылган.
“Кыйноо фактылары боюнча КР Кылмыш жаза кодексине 2012-жылы 305-пирим бир беренеси киргизилгенден кийин, жалпы 2015-2016-жылдар аралыгында 34 кылмыш иши козголгон. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу козголгон кылмыш иштер көп, бирок кыйноо фактысы боюнча арыздангандардын саны азайган. Кыйноолорго каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан укук коргоо органдарынын, регионалдык прокурорлордун, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда профиалктикалык иштер жүргүзүлүп, адам укуктары боюнча тегерек столдор байма-бай өткөрүлүп жатат”, - дейт бөлүмдүн ага прокурору Ж.Тыналиева.
Ал эми Жалал-Абад облустук прокуратурасынын тергөөнү жана изин суутпай издөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Элдияр Сыдыковдун берген маалыматына караганда, облустук прокуратура тарабынан кыйноолорду жана башка катаал адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алууга жүргүзүлгөн иш-аракеттердин абалы боюнча облустун аймагындагы 12 шаар-район ички иштер бөлүмдөрүндө жана 20 айылдык милиция бөлүмдөрүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз иш аракеттерге жол бербөө максатында текшерүүлөр уюштурулуп жатат.
- Атап айтканда, 2015-жылы Жалал-Абад облусунун шаар-район прокуратуралары тарабынан кыйноолорду жана башка катаал адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алууга багытталган Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун көрсөтмөлөрүн аткаруу максатында, облустун шаар-район ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоо изоляторлорунда 432 пландуу жана 370 күтүүсүз текшерүүлөр уюштурулган. Облустун прокуратура органдары аталган категориядагы арыздар боюнча ыкчам иш-чараларды аткаруу менен процессуалдык чечим кабыл алышат. Ар бир түшкөн арыз жана ал арыздардын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен кабыл алынган чечимдер боюнча каттоо жүргүзүлөт жана Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу текшерилип турат, - дейт Э.Сыдыков.
Жогоруда көрсөтүлгөн мезгилде облустук прокуратурада кыйноолорду жана башка катаал адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө байланыштуу 32 арыз катталып, арыздар боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 29 арыз боюнча кылмыш иш козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса, 3 арыз боюнча кылмыш иши козголуп Жалал-Абад облустук прокуратурасынын тергөө бөлүмү тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлгөн.
Атап айтсак, 2015-жылдын 7-мартында Сузак районунун Октябрь айылынын тургундары Э.Т. жана А.Т., үч милиция кызматкерлери аларды эч себепсиз токмоктоп коюшкандыгы жөнүндө райондук прокуратурага арыз менен кайрылышкан. Э.Т. менен А.Т. арызын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен Сузак райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 305-беренесинин 2-б. 2,3-п.п. менен кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад облусунун прокуратурасы боюнча тергөө бөлүмүнө, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн өткөрүлгөн.
“2015-жылдын 15-апрелинде тергөөнүн жыйынтыгы менен Э.Т. жана А.Т.өздөрүнүн биринчи берген Сузак райондук ИИБнүн кызматкерлери аларды уруп-соккондугу жөнүндөгү көрсөтмөлөрүн өзгөртүшкөндүгүнө байланыштуу, тергөөчү тарабынан кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган”, - дейт Т.Сыдыков.
Ошондой эле, бөлүм прокурордун айтымында, облустун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жарандардын укугун бузгандыгы үчүн Жалал-Абад облустук прокуратура органдары тарабынан мыйзам бузуучулуктарга жол беришкен кызматкерлерге карата тартиптик жаза көрүү жөнүндө 4 сунуш келтирилип, облустук ИИБнын жетекчилиги тарабынан аталган мыйзам бузуучулуктар талкууга алынып, мыйзам бузууга жол берген кызматкерлердин жоопкерчилиги каралган. Мисалы, 2015-жылдын 7-мартында Сузак райондук ИИБнүн кызматкери К.Э. Октябрь айылынын тургундарын Э.Т. менен А.Т. айткан сөзүн укпай койду деген себептер менен жаман сөздөр менен сөгүп, орой мамиле жасаган.
“Аталган факт боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан облустук ИИБна сунуш келтирилип, сунушту кароонун жыйынтыгы менен Сузак райондук ИИБнүн кызматкери К.Э. облустук ИИБнын башчысынын буйругу менен “сөгүш” тартиптик жазасы жарыяланган. Ошондой эле, 2015-жылы М.К. жана анын бир туугандары тарабынан бир нече жолу аталган категорияны камтыган арыздар түшкөн”, - дейт Э.Сыдыков.
Атап айтканда, М.К. үстүбүздөгү жылдын 13-февралында Ала-Бука райондук прокуратурасына арыз менен кайрылып. 2015-жылдын 7-февралында аны Таш-Көмүр шаардык ИИБнүн УКЖна алып барышкандыгын, ал жерден милиция кызматкерлери мал уурдоо кылмышын мойнуна алдыруу максатында уруп, сабап, мыйзамсыз күч колдонгондугун билдирген. Андан соң, арыз Таш-Көмүр шаардык прокуратурасына кароо үчүн жиберилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 2015-жылдын 20-февралында Таш-Көмүр шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасын ЖПКнин 28-беренесинин 1-б. 2-п. менен кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтому кабыл алынган.
“Кабыл алынган токтом 2015-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан бузулуп, кошумча текшерүүгө жиберилген. Ал эми А.К. арызы боюнча кошумча текшерүүнүн жыйынтыгы менен Таш-Көмүр шаарынын прокуратурасы тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 28-беренесинин 1-б. 2-п. менен кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алынган” – дейт Э.Сыдыков.
Мындан сырткары, 2015-жылдын 6-июлунда Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан А.К. арызы боюнча кабыл алынган материал окулуп чыгып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 305-беренесинин 2-б. 3-п. менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын уюштуруу үчүн Жалал-Абад облустук прокуратурасынын ТБнө жиберилген. Жүргүзүлгөн тергөөнүн жыйынтыгы менен облустук прокуратуранын ТБмү тарабынан кылмыш иши Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 28-беренесинин 1-б. 2-п. негизинде өндүрүштөн кыскартылган. 2015-жылдын 7-сентябрында Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иштин кыскартуусунун мыйзамдуулугу боюнча корутунду түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилген.
Башка кылмыш иштин мисал келтирсек, 2015-жылдын 24-февралында “Акипресс” маалымат агенствосунун сайтына Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын “Ала-Бука РИИБнүн кызматкерлери жашы жете элек өспүрүмдү коркутуу менен 2 адамды кылмыш жасашкандыгы жөнүндө жалган көрсөтмө бердиришкен" аттуу макаласы жарыяланган. Ал макалада РИИБнүн кызматкерлери тарабынан жаш өспүрүм А.С. карата коркутуу-үркүтүү менен күч колдонулуп мал уурулук жөнүндө жалган көрсөтмөлөрдү алууга жол берилгендиги көрсөтүлгөн.
Материал боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 2015-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 28-беренесинин 1-б. 2-п. негизиненде кылмыш иш козгоодон баш тартылган. Бир нече текшерүүдөн кийин, Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан 2015-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 305-1-беренесинин 2-б. 1,2-п.п. жана 3-б. 1-п. менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жалал-Абад облусу боюнча ТБнө жиберилген.
Акырында 2015-жылдын 22-июнунда тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен кылмыш иш Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-беренесинин 1-б. 2-п. негизинде өндүрүштөн кыскартылган.
“Кыйноо жана башка катаал адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн камтыган арыз менен жарандар кайрылганда, оор жана өзгөчө оор кылмыш жөнүндө билдирип жатышкандыгын, аталган фактылар боюнча жалган арыз менен кайрылган учурда Кыргыз Республикасынын КЖКнин 329-беренесине ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмыш жасады деп айыптоо менен атайылап жалган билдирүү жасоо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланаарын жарандар билүүсү зарыл”, - дейт Э.Сыдыков.
А.Эрматов: “Кыйноолор фактысы боюнча 18 арыз келип түштү”
Кыйноолорду жана башка катаал адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КР Улуттук борборунун Жалал-Абад облусу боюнча аймактык өкүлү Алишер Эрматовдун берген маалыматына караганда, быйылкы жылы 119 жолу атайын баруулар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүшкөн. Анын ичинен район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү убактылуу кармоочу жайларга 78 жолу барышса, 6 жолу түнкү текшерүүгө алышкан.
- Негизинен кыйноолор түнкү учурда болгондугу бизге маалым болгондуктан, түнкү текшерүүлөрдү жасайбыз. Атайын текшерүү менен убактылуу кармоочу жайга 3 жолу бардык. Балдар мекмелерине – 21, психиатриялык мекемеге – 6, карылар үйүнө – 2, Жалал-Абад шаарындагы №10 түзөтүү колониясына – 2, Токтогулга – 1, Жалал-Абад шаарындагы №53 убактылуу кармоочу жайга – 5, ОИИБна – 3, Аскер бөлүгүнө – 1 жолу барып текшерүү жүргүздүк. Быйылкы жылы бизге 18 арыз келип түшкөн. Жалал-Абад облустук прокуратурасына 18 арыздын 12син жөнөткөнбүз. Алардын ичинен кыйноолор боюнча 5 арыз жөнөтүлгөн. Шералиев боюнча бир кылмыш иши ачылып, төртөөнө баш тартышкан. Улуттук борбордун негизги жасай турган иши бул – кыйноо фактыларынын алдын алуу болуп саналат. Эмне үчүн кыйноолор болуп жатат? Кандай кылсак, ошол кыйноолордун алдын алабыз? – деген методологиянын үстүндө иш жүргүзүп, ички иштер органдары, жаза аткаруу мекемеси, балдар, карылар үйлөрү менен тыгыз байланышта иш алып барып жатабыз.
Ошого карабастан, кыйноолор болбой жатат деп биз айта албайбыз. Кыйноолор болуп келген, боло берет. Бирок, Улуттук борбор иштегенден баштап, убактылуу кармоочу жайларда шарттары бир топ оңолду. Ал жерде отурган адамдарга мамиле өзгөрдү. Себеби убактылуу кармоочу жайларда иштеген милиция кызматкерлерин окуудан өткөрүп, тополоң болуп кетсе, өздөрүн кантип алып жүрүүсү боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруудабыз. Биз менен ОИИБнын жетекчиси Жеңиш Жоробеков, облустун прокурору, Акыйкатчынын облустагы өкүлү менен абдан тыгыз байланышта иштешип келе жатышат. Ушул мекемелер арасында иш-чаралар бар. Ошонун негизинде, аталган мекемелер менен биргеликте ай сайын күтүүсүз текшерүүлөрдү жүргүзөбүз, бул аябай жакшы натыйжасын берип жатат.
- Сиздерге түшкөн арыздардын канчасы боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө иши жүрүп, сотко өттү?
- Тилекке каршы, биз кыйноого кабылган адамдардан арызды алып, прокуратурага кайрылганда да кылмыш иши козголбой калып жатат. Кандай болуп жатат? Эмне себептен мындай болуп жатканын билбейм? Улуттук борбордун мыйзамы боюнча арыздарды алып, аны прокуратурага өткөрүп берип эле чектелип калабыз. Андан аркы иликтөө бизде жок. Биздин прокуратурага берген арыздардын баары каралбай калып калууда. Эгерде, бизге кыйноолор боюнча кайрылган жарандардын ишин андан ары териштирүү болгондо, биз сөзсүз түрдө бул иштерди сотко жеткирмекпиз да, анын жыйынтыгы чыкмак. Прокуратура эмне себептен кылмыш ишин ачпай коюп жаткандыгы бизге белгисиз?. Бизге түшкөн арыздын бирөө Шералиев боюнча иш сотко кетти. Жалал-Абад шаардык убактылуу кармоочу жайдын мурдагы жетекчиси Өзбекстандын жараны Улугбек Абдырахимов дегенди уч ай ур-токмокко алып кармап отурган.
Соттун “У.Абдырахимовду Оштогу убактылуу кармоочу жайга жөнөтүлсүн” деген чечими чыккан. Бирок, ошого карабастан, өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, аны 3 ай Ошко жибербей кармап отурган. Өздөрүнүн жекече иштери бар экен. Иште өзүнүн жекече кызыкчылыктарын пайдаланбаш керек болчу да. Соттун чечими аткарылбай, 3 ай кармалып турган. Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан бул факты аныкталып, Абдырахимовдун арызынын негизинде кылмыш иши козголгон. Тилекке каршы “кыйноо” боюнча иш козгобостон, кандайдыр жагдай менен “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп КЖКнин 305-беренеси менен кылмыш ишин козгоп койгон. Жалал-Абад шаардык убактылуу кармоочу жайдын мурдагы жетекчиси Ислам Шералиев мени “өзбекстандык баладан 1,5 миң доллар акча алган” деп шантаж кылган. Бирок, бул далилденген жок. Ошол учурда мен арыз жазгамын. Менин арызым кароосуз калып калды. Бул кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишине түздөн-түз кийлигишип жана менин өмүрүмө, ишиме коркунуч жараткан. Телефон аркылуу коркутууларды билдирген. Шаардык сот И.Шералиевди актады, бирок адвокаттар облустук сотко жазышкан. Облустук сот актаса, Жогорку сотко жазылат. Бул боюнча иш-чара көрүлбөй калып кетип жатат, - дейт А.Эрматов.
Эрматовдун айтымында, улуттук борборго Аксы районунун убакктылуу кармоочу жайында жаткандар курсактары тойбой жаткандыгын айтып арыз менен кайрылышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бир күнгө бөлүнгөн 75 сом 100 сомго чейин көтөрүлгөн. Тамак-ашы оңолуп, бир тилик нандын ордуна 3 тилинген бөлкө нан бериле баштаган. Кочкор-Ата шаарындагы балдар интернатын текшерген учурда ашканасында чычкан, келемиштер чуркап жүргөнүн көрүп, телефонго тартып алышкан. Аны прокуратурага беришкен. Прокуратура текшерип чыгып, ал жердин 2 кызматкерине 2 миң сомдон айып салган. Азыркы учурда прокуратуранын көзөмөлүндө турат. Мурдагыга караганда. балдардын жашоо-шарты оңолуп калган.
“Жакында Кызыл-Жардагы республикалык психатриялык ооруканасына барып келгенбиз. Ал жерде 750 грамм боло турган нандар тартканда 600 грамм болуп чыкты. Ундан күнүнө 15 кг уурдоо болуп турган. Бир күндө 15 кг ун уурдаса, бир айда 10 кап унду уурдап жатат. Айлыгы 5 миң, тапкан кирешеси 15 миң болуп жатпайбы. Тамак-аштарынын сертификаттары жок. Сертификаттары жок тамак-ашты арзан баада алышат. Мындан да акчаны үнөмдөп жатышат. Бул боюнча прокуратурага арыз бергенбиз, 3 күн мурда чалышты, ал жерде катуу текшерүү болуп жатыптыр. Себеби, биз ооруканага барганда адамдарды таш ташытып иштетип жатышкан экен. Аларды иштеткенге эч акылары жок. Ал оорукананын администрациясы эмгек терапиясын өткөрүп жатканбаз деп жооп беришти. Эмгек терапиясы бир комнатанын ичинде болуп, ал баарына тийиштүү болот. Бул жерде айрым гана адамдарды нан үчүн иштетип жатасыңар деп айттык. Ошол жердеги бир киши менен сүйлөштүм. Ал: “Эгерде азыр таш ташып бүтсөм, мага нан берет. Курсагым ачты” деп айтып жатат. Бул деген адамга катаал адамгерчиликсиз мамиле кылып жатат. Биздин мандатка туура келет. Алар курсагы тойбой, нан үчүн иштеп жатышат. Эмне себептен, ал жердеги абалды Таш-Көмүр шаардык прокуратурасы, Акыйкатчы карабайт? Бизчелик эч ким текшербейт. Айтканын аткарбаса эле, ал жерде жаткандардын колу-бутун байлап, жер төлөгө алып барып камап коюшат экен. Саламаттык сактоо министрлигинен келишип текшерди эле, бир топ кемчиликтер чыкты. Эми мекемелер аралык комиссия түзүп, барып текшерели деп жатабыз. Мен ошол ооруган адамдарды иштеткен кызматкерлерди кызматынан алгыла деп прокуратурага бергемин. Эгерде жөн эле катачылыктарды жойгула деген эскертүү берип койсо, анда Таш-Көмүр шаарынын прокурорун кызматтан четтетүү боюнча арызымды жазам. Ооруканада мончосу жок, жөн гана душта жуундурушат экен. Ал жерде 320 кызматкер, 317 ооруган адам бар. Ар бир ооруган адамга бирден кызматкер туура келет. Эки бөлүмдү бир жерде кармап, анда 29 оорулуу адам жатат. Анын ичинде бир аял бар болсо, аны да эркектер менен чогуу кармашат. Бул таптакыр эле эрежеге туура келбейт”, - деди А.Эрматов.
Жалал-Абад облустук прокуратурасынын тергөөнү жана изин суутпай издөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Элдияр Сыдыковдун айтымында, дагы бир айта кетүүчү жагдай укук коргоо органдары тарабынан ур–соккуга кабылгандыгы, кыйноо колдонулгандыгы жөнүндө арыз менен кайрылган жарандар, текшерүү убагында “мен ачуу үстүндө арыз жазыптырмын, өзүм жыгылгам, же адам укуктарын коргоо уюмунун өкүлдөрү көрсөткөн кагазга түшүнбөстөн кол коюптурмун, мени милиция кызматкерлери урган эмес жана башка” себептер менен мурда жазган арыздарынан баш тартып, тосмо арыз менен кайрылуусу көп кездешүүдө. “Ошол себептен, кыйноолор фактысы боюнча ачылган кылмыш иштер сотко жетпей эле кыскарып калууда”, - дейт бөлүм прокурору.
Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт
Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...
АНАЛИТИКА 2016-05-18 13:03
Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...
Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...
АНАЛИТИКА 2016-05-31 14:15
Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...
Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...
АНАЛИТИКА 2016-06-05 04:30
Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...
Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...
АНАЛИТИКА 2016-06-10 16:39
Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?
Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...
АНАЛИТИКА 2016-07-05 17:58
Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...
Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...
АНАЛИТИКА 2016-07-30 16:45
Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...
Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...
АНАЛИТИКА 2016-08-21 13:24