Акүй АКШга жасалган хакердик чабуулдарга Орусиянын тиешеси бар деп эсептейт
Бейшембиде Акүйдүн өкүлү Жош Эрнест америкалык саясатчылардын компьютерлерин бузууга Орусиянын тиешеси жоктугу тууралуу Орусия лидери Владимир Путиндин билдирүүсүн четке какты.
«Шектенүүлөрдүн негизсиз экенин орус президенти Путин айтканына карабай, Обаманын администрациясы дагы деле орусиялык хакерлер АКШдагы шайлоо жараянына кийлигишип жатат деп эсептейт», — деп билдирди Акүйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест.
Анын айтымында, администрациянын мындай позициясы америкалык чалгындоо кызматтарынын чечимдерине негизделген. «Орусиянын хакердик ишмердүүлүгү — терең тынчсыздануунун булагы. Ошондуктан азыр президент менен анын жардамчылары Кошмо Штаттар ал чабуулдарга кантип туура жооп бериши керектигин карап жатышат», — деп кошумчалады Обаманын басма сөз катчысы.
Вашингтондун расмий билдирүүсүнөн кийин америкалык комментаторлордун көбү Путиндин жардамчысы Владислав Сурковдун электрондук почтасынын бузулушу орус хакерлеринин аракеттерине каршы көрүлгөн чара болушу мүмкүндүгүн божомолдоп жатышат. Ачыкталган маалыматтарда Украинадагы абалды туруксуздаштыруу боюнча Кремлдин мурдагы жана пландалып жаткан аракеттери тууралуу жазылган.
Ошол эле маалда NBC телеканалынын америкалык чалгындоо кызматтарындагы булактары Сурковдун почтасынын бузулушуна Вашингтондун тиешеси жок экенин билдиришүүдө. Алардын айтымында, ачыкталган документтердин анык экенинен күмөн санап кереги жок. Анткени алар буга чейин эле белгилүү болгон Владислав Сурковдун Украинанын чыгышындагы жикчилдерди башкаруучу ролун ырастап турат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









