Түркия бийлиги 73 учкучту камоого буйрук берди
Түрк бийлиги 73 учкучту камоого буйрук берди. Алар июлдагы төңкөрүш аракетине катыштыгы бар деп айыпталып жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Камакка алуулар Конья шаарындагы авиа базада жүргүзүлүүдө.
ММКлар билдиргендей, алардын ичинен 45и кармалды, 28 издөөдө жүрөт. Бул адамдардын баарында офицердик наам бар: эки полковник жана 71 лейтенант.
Бул июль төңкөрүшүнө байланыштуу өтүп жаткан камоолордун үчүнчү толкуну. Өткөн жумада ушул эле базада 99 аскер камалган. Беш айдан бери 35 миң киши, негизинен аскер кызматкерлери камакка алынды. Он миңдеген адамдар кызматтарынан четтетилди.
Сентябрь айынын соңунда юстиция министри Бекир Боздаг миңдеген соттук иштерди өткөрүү үчүн жаңы имараттарды куруу зарылдыгын айткан.
Расмий Анкара төңкөрүш аракетинин артында бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүлен турган деп айыпташса, Гүлен өзү мындай айыптоолорду четке кагып келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









