Жалал-Абадда таза суу долбоору боюнча быйылкы жылдагы иштер аяктоодо
Жалал-Абад шаарында суу долбоору боюнча жумуштар жыл бою аткарылып, аягына чыгууда. Быйылкы жылга пландалган жумуштар бүткөрүлсө, кийинки жылы суу долбоору боюнча кийинки этаптагы жумуштар кызуу жүрмөкчү. Бул тууралуу “Жалалабадсууканал” башкармалыгында өткөрүлгөн суу долбоорунун 9 айлык жыйынтыгына арналган жыйында белгилүү болду.
Жыйында белгилүү болгондой, негизи бул долбоор Ош жана Жалал-Абад шаарындагы таза суу жана саркынды суу системаларын калыбына келтирүү максатында жүрүп жатат. Аталган долбоордун буюртмачылары Ош шаардык суу-канал башкармалыгы жана “Жалалабадсууканал” башкармалыгы болуп эсептелет.
“Борбор Азия суу боюнча алянсы” коомдук бирикмесинин калк менен иштөө компонентинин менеджери Жылдыз Ысманованын айтымында, Ош жана Жалал-Абад шаарларында абоненттерди суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында суу эсептегичтери коюлуп жатат.
-Долбоордун учурдагы компонентинин багыты калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Ош жана Жалал-Абад шаарларында алгачкы жолу суу эсептегич, өлчөгүчтөрүн коюу болуп саналат. Сууну үнөмдөө аркылуу кийинки муундарга да туура жолду көрсөтүү максатында суу эсептегичтер орнотулуп жатат. Ош шаарынан айырмаланып, Жалал-Абад шаарында суу эсептегичтер шкафтарга орнотулууда. Ошол шкафтардын ичине 12ден 16 даанага чейин суу эсептегичтер орнотулат. Ал аркылуу ар бир үйгө эсептегичтер коюлат. Андан ары шаардык кеңештин депутаттары бекиткен тарифтин негизинде сууга төлөмдүн баасы коюлат. Мурда суу акысы үйдө жашаган кишинин санына карап төлөнгөн болсо, эми шаар тургундары сууну иштеткен көлөмүнө жараша төлөшөт. Мындай ыкма шаардыктарга ыңгайлуу дагы үнөмдүү дагы болот, - дейт ал.
Эскертке кетсек, бул долбоор менен Жалал-Абад шаары 2012-жылдан бери иштешип келе жатат. Бул долбоорду Европа өнүктүрүү банкы жана Щвейцариянын экономикалык тышкы иштер байланыштары боюнча секретариаты каржылап жатат. Жалал-Абад шаарында кийинки жылы саркынды суу системасын оңдоо жагы каралат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38